Америкалык газ Россиянын көгүлтүр отун алмаштыра алабы? Саресеп

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСтроительство газопровода "Северный поток-2" в Ленинградской области
Строительство газопровода Северный поток-2 в Ленинградской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк агым – 2нин" курулушу аяктаганы соңку убакта ЖМКларында "россиялык көгүлтүр от болбосо Европа америкалык суюлтулган газды өтө кымбатка сатып алат" деген өңдүү макалалар көп жарыялана баштады.

Мындай пикирге сын көз караштагылар америкалык суюлтулган газ европалык биржада көгүлтүр оттун бардык түрүндөй эле наркта (ал эми азыр өтө төмөн баада) сатылып жатканын айтып табалашат.

Ким айыптуу? Жашоо дайым жөнөкөй схемалардан татаалыраак, териштирип көрөлү. Адегенде "Түндүк агым – 2" негизинен украиналык транзиттин басымдуу бөлүгүнүн ордуна курулуп жатканын эске салалы, анткени келечекте россиялык газдын экспортунун көлөмүнүн өсүшүн (соңку жылдары биз күбө болгон стандарттык 200 миллиард кубометр менен салыштырмалуу) күтүп болбойт. Газ рыногундагы бул жагдайга Александр Собко сереп салган.

АКШнын "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы коалициясы курулушту токтотобу? Видео

Украиналык транзит деле, куру дегенде эле азырынча бүгүнкүдөн алда канча көп көлөмдү ташууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол себептен талап жана сунуштун тең салмактуулугу жагынан эч нерсе өзгөрбөчүдөй. Ал тургай украиналык транзит төрт жылга төлөнгөн (жылына 40 миллиард кубометрден), ал эми "Түндүк агым – 2" 55 миллиард кубаттуулукка ээ болот. Башкача айтканда, бул баскычта "Түндүк агым – 2" курулушунан биротоло же кайсы бир убакка дейре баш тартуу "Газпромду" каржылык чыгымга гана салат (себеби курулушка кеткен ири сумманы жөн гана кечип коюуга туура келет), бирок россиялык газдын ордуна америкалык суюлтулган газды сатып алууга Европаны мажбурлай албайт.

Ошондуктан америкалык тарап "Түндүк агым – 2" долбооруна кыйынчылык жаратуу менен өзүнүн суюлтулган газы үчүн ("Түндүк агым – 2" кубаттуулук көлөмүнө же азыркы украиналык транзитке — башкача айтканда, 50 миллиард кубометр газдын тегерегинде) рыноктон орун таап берүүнү пландайт. Демек, аталган долбоорго бөгөт коюунун аркасынан украиналык транзит да (түтүктөрдүн эскилиги жеткени, транзиттик тарифтин тыюу салуучу көлөмү же башка жагдайлар болобу, себептери эмне экени маанилүү эмес) токтойт.

Андан ары талкуулап көрөлү. Бул америкалык суюлтулган газды сактап кала алабы? Биринчиден, кандай болгон учурда да газ (суюлтулган газ да) кымбаттайт. Рыноктон 50 миллиард кубометр алып салынса, бул – дүйнөлүк соода үчүн жетишерлик көлөм. Ал эми андан жогорку биржалык баалар америкалык суюлтулган газды сатуунун кирешелүүлүгүнүн артышына алып келери бышык.

Экинчиден, мында АКШнын суюлтулган газынын азыркы экспортунун алкагында суюлтуу үчүн кепилденген акыны баары бир аларын эске салуу зарыл. Глобалдык төмөн баалардан трейдерлер жапа чегүүдө. Башкача айтканда, Кошмо Штаттарга газды курулган заводдордон сатууну өбөлгөлөөнүн зарылдыгы жок.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Алар үчүн андан маанилүү нерсе – жаңы долбоорлордон суюлтулган газга келишим түзүү. Анткени АКШдан суюлтулган газды импорттоочулар ушул тапта кабылган кырдаалда (алар көгүлтүр отту деле сатып алышпайт, бирок суюлтууга милдеттүү төлөмдү төгүшөт. Бул мындай газдын соңку баасынын жарымына барабар) кимдир бирөөнү андай шарттарда жаңы партияларга келишим түзүүгө көндүрүү кыйын болор.

Ал эми ишке ашырыла элек долбоорлор али арбын. Буга европалык рынок керектелмек. Биз башта кеп кылган пикир келишпестик ушундан келип чыгат. Анан калса, азыр америкалык суюлтулган газ көгүлтүр оттун башка түрлөрү сымал чындап эле бардык жерде, анын ичинде Европада да өтө төмөн баада сатылууда.

Рынокто каатчылык, ал эми өндүрүмдү баары бир сатууга туура келет. Заводдор эбак курулган, ал эми трейдерлер "суюлт же төлө" шартында сатып алууга келишим түзүшкөн.

Башка жагынан, арзан америкалык газ башка шарттарда азиялык, көбүнесе кирешелүү рынокторго тез эле бурулуп кетчү ашыкчалык экенин Европа да түшүнүүгө тийиш. Кепилденген газ керекпи — узак мөөнөттүү келишим түзүп, көп төлөгүлө. Башка түрлөрүнө салыштырмалуу америкалык суюлтулган газ канчалык кымбат болот? Ушул тапта газ баасын түзүүнүн споттук, мунайга байланган жана АКШ ичинде газ суюлтуу үчүн акыга негизделген америкалык суюлтулган газ үчүн деген үч негизги варианты бар экенин белгилөө керек.

Рыноктун нормага кайтышы менен газдын биржалык баасы миң кубометрине 200 доллардын тегерегинде болот. Баррелине 50 доллардан болуп турганда мунайга байланган газдын баасы деле болжол менен ушундай эле наркта сатылат.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

Кандай болгон күндө да азыр "Газпром" газдын басымдуу бөлүгүн Европа биримдигине биржа баасына жараша сатат. Ошондуктан, мунайга байлоо менен эмес, дал ушул бааларга багыт алуу дурус.

Суюлтулган газ кандай баада жүктөлөт? Анын баасы АКШнын ичиндеги газдын, суюлтуу жана Европага жеткирүү наркына жараша болот. Эсептик чоо-жайын талдап отурбастан, миң кубометрине 220дан 270 долларга дейре чыгарын болжоого болот.

2013-жылы америкалык суюлтулган газ башка түрлөрүнө караганда арзан көрүнсө (анда мунай кымбат, споттук рынокто да суюлтулган газ кымбатыраак болчу), азыркы шарттарда (арзандаган мунай, суюлтулган газ боюнча атаандаштык жогору) ал кымбаттап кетти.

Эмнеге Европа дал америкалык суюлтулган газды сатып алууга тийиш? Эмнеге Катар же Россиянын газын алууга болбойт? Жакында катарлык газ биржалык рыноктогу баага жараша сатылып калары да ажеп эмес. Эгер Европа биримдиги жана АКШ ортосундагы өзгөчө мамилелерге байланышкан аспектилерди четке чыгара турган болсок, андай деле себеп жок. Жалпы алганда Евробиримдик болжолдуу таңсыктыкты көгүлтүр оттун каалаган түрү менен алмаштыра алат. Балким, азыр ушул себептен Германияда суюлтулган газдын жаңы терминалдарынын бир нечесин газ түтүктөрүн курууга алмашуу туурасында кеп жүрүп жаткандыр.

Эми жыйынтыктайлы. Биринчиден, россиялык көгүлтүр отту америкалык суюлтулган газга алмаштыруу  "Түндүк агым – 2" долбоорун жабуу жана украиналык транзитти токтотуу шарттарын бир убакта аткарууда гана мүмкүн. Мындай учурда россиялык экспортту чектөө бүтүндөй газ рыногундагы бааны колдойт.

Экинчиден, баары бир америкалык суюлтулган газ эки эсе да эмес, рыноктогу көгүлтүр оттун башка түрлөрүнө караганда 10-30 пайызга кымбаттайт. Балким ушундай эле баада калар, баары Америка ичиндеги газга белгиленген бааларга жараша болот. Бирок АКШдан суюлтулган газ ташууга узак мөөнөттүү келишим түзүү менен Европа АКШдагы газдын ички бааларына байланыштуу тобокелдиктерге да барат.

Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

Өз кезегинде азыр биз Европада көрүп турган арзан америкалык суюлтулган газ (калгандары да) — рыноктогу газдын ашыкчалыгынын кесепети. Трейдерлер азыр америкалык суюлтулган газды сатып алуудагы келишимдерге короткон чыгымдардын жок дегенде бир бөлүгүн жабуу үчүн гана сатышууда. Эгер Европа АКШдан кепилденген газ ташууну кааласа, анда суюлтулган газ үчүн бааны түзүү формуласы боюнча төлөөгө аргасыз, анткен соң баш тартууга мүмкүн болбой калат.

Эң соңкусу, Европага өзүнүн суюлтулган газын таңуулоо менен АКШ биринчи кезекте учурдагы эмес, келечекте газ ташууга кам көрүүдө. Кеп газды суюлтуучу жаңы заводдор жана аларды ташууга кепилденген келишимдер менен камсыздоо жөнүндө жүрүүдө. Заводдорду курууга төрт жылча убакыт кетет, дал ошол маалда Украина менен транзиттик келишимдин мөөнөтү аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0