Вакцина канчалык кооптуу: АКШ жооп сурап, Европа түшчү пайдасын эсептеп...

© AFP / STR / BELGA Флаги США и Евросоюза перед штаб-квартирой Европейской комиссии в Брюсселе.
Флаги США и Евросоюза перед штаб-квартирой Европейской комиссии в Брюсселе. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британия-швед фармакологиялык компания менен Оксфорд университети иштеп чыккан AstraZeneca вакцинасынын көйгөйү өзүнчө күү алып кетти.

АКШ эки апта мурда алардын аймагында токтотулган сыноолорду кайрадан жандандыруу талабы менен эле калбастан, негизги делген ЖМКлары анын коопсуздугу туурасындагы суроолорду улам берип жатат. Баарынан катуураак CNN телеканалынын кыйкырыгы угулууда. Вакцинанын айланасындагы кырдаал тууралуу Ирина Алкснис ой толгоду.

Белгилүү болгондой, AstraZeneca препаратын клиникалык жактан сыноо эки ирет — июль жана сентябрь айында токтотулган. Ыктыярчы болгон эки адамда адаттагыдан тышкаркы неврологиянын симптомдору байкалган. Анткени менен эки учур тең кишилерге вакцина саюу маселеси менен байланышпаганы, көп өлкөлөрдө, анын ичинен Улуу Британияда улана тургандыгы айтылган эле.

Бирок АКШнын саламаттык сактоо системасынын адистери менен чычканга кебек алдырбаган окумуштуулары анын кыйыр таасири боюнча отчеттордон олуттуу айырмачылыктарды таап чыккан.

AstraZeneca боюнча июлдагы чатакта буга чейин жайылган склероздун тастыкталбаган учуру көрсөтүлгөн. Анткен менен Оксфорд университетинин сайтында ал "неврологиялык түшүнүксүз симптом" катары сүрөттөлгөн.

Экинчи, сентябрдагысында, компания ыктыярчы болгон аялда "түшүнүксүз оору" пайда болгондугун жар салган. Ал эми ички документтерде сейрек кездешкен неврологиялык илдет катары жазылып жүрөт.

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

Жыйынтыгында америкалыктар мындай айырмачылыктар боюнча жөндүү суроо салып жатышат. Ансыз деле вакцинанын ачыктыгы боюнча көп сын-пикирге кабылган AstraZeneca компаниясынын беделин, жаңы препаратына болгон ишенимди, коопсуздукту буга чейинки жаралган карама-каршылыктуу маалыматтар чар учкандай кылды.

AstraZeneca боюнча вакцинага оорунун такыр эле тиешеси жоктур, балким, дал келүүлөр болуп калгандыр. Бирок эмне болгон күндө да муну башын кумга катпай, сыноону токтотуп койбогон америкалык жооптуу кызматтарга бергенге болобу деген бир учурду тактап алуу керектигин талап кылган мыйзам ченемдүү суроо жаралат.

Бул жерде баарынан кызыгы анын шектүү учурларына көз жуумп, сыноону улантууга уруксат берген алардын европалык кесиптештеринин позициясы болууда.

Бирок Евробиримдиктин бийлиги менен компаниянын кылт этип кетчү темадагы каалгыган, "топон суу алса да тоготпогон" мамилесинин себебин жөнөкөй эле түшүндүрүүгө болот.

Жакынкы күндөрү Reuters агенттиги ЕБдин расмий өкүлүнө шилтеме кылып, AstraZeneca Евробиримдик менен вакцина макулдашуусунун алкагында кандайдыр бир иммунитет алгандыгын жазды.

Макулдашууга августта кол коюлуп, маанилүү делген бир катар учурлары эми гана айтылып отурат.

Кеп фармацевттик компаниялар препаратты ЕБге арзан баада берип, бирок колдонгондордо пайда болгон кыйыр таасири үчүн финансылык жоопкерчилик (аныкталган чектен өйдө) тартпагандыгында турат.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Макулдашуунун так масштабы ачыкталган эмес, бирок AstraZeneca дозасы үчүн Европанын 2,5 евро төлөй турганы белгилүү болду. GlaxoSmithKline концерни менен өзүнүн препаратын иштеп чыгып жаткан Франциянын Sanofi аталышындагы фарм өндүрүш компаниясы аны Европага 10 евродон саткан, ал эми буларга иммунитет берилген эмес.

Айтмакчы, эки компания тең ЕБден кайтарылбай турган авансылык төлөмдөрдү алып койгон. 400 миллион доза менен камсыздоо үчүн AstraZeneca 336 миллион евро, ал эми 300 миллион доза үчүн Sanofi 324 миллион евро алган.

Ошентип, келе жаткан массалык эмдөөнүн жүрүшүндө AstraZeneca чындыгында эле адам баласынын ден соолугуна зыян келтирсе, мунун кесепети компанияга тийбей турганы айтылды. Жабырлангандарга компенсацияны улуттук өкмөт берет, тагыраагы, бул акчалар тиешелүү өлкөлөрдүн салык төлөөчүлөрүнүн чөнтөгүнөн кетмекчи.

Аны менен катар эле европалык истеблишменттин эки башка ыкма менен иштелип чыккан бул вакциналарга жасалган мамилеси таң калтырбай койбойт. Социалдык жана саясий манипуляция үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү жаратып жатканы түшүнүктүү. ЕБдин кайсы мамлекеттери кандай вакцинаны алат, андан сырткары, өлкөлөрдүн ичине райондордун жакшы, жаманына карата жана андагы жашагандардын деңгээлине жараша кандай бөлүштүрүлөрү абдан кызык болуп турган учур.

COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет

Алардын ден соолугун кооптуулукка кептебеш керек деген тандалган европалыктарга Sanofi дарысы дайыма даяр турат, анын сапатына франциялык компаниялар жооп берет. Демек, анын коопсуздугу менен майнаптуулугуна ишеним бар.

Мындай абалдан алып караганда белгилүү, жогорку даражалуу жарандардын жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцинанын сыноосуна катышкандыгы, россиялык чыныгы кырдаалдын чагылдырылып турушу экзотика катары көрүнөт. Ал тургай дүйнөлүк ЖМКлар россиялык элита көп айлар бою клиникалык сыноодон өтпөгөн препарат менен эмделген деп жазып да жиберишти. Бирок "Спутник-V" вакцинасына коюлган дооматтары менен препарат кооптуу болушу мүмкүн деп айткандары кандайча айкалышары түшүнүксүз.

Кыязы, Батыштын маңдайына Россияга карата "кимдин эмнеси ооруса" деген принцип менен асыла берген адат жазылып калса керек деген ой кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0