Модель көргөзмө учурунда. Архив

60 жаштагы модель жаштык сырлары менен бөлүштү

239
(жаңыланган 09:03 30.09.2020)
Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн билдирген. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 60 жаштагы англиялык ишкер аял, интерьер дизайнери жана модель Шери Дэвенпорт Daily Mail агенттигине жаштык сырлары менен бөлүшкөн. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалым болгондой, Шери этек кири биротоло токтогондон кийин тамактануу рационун өзгөртүп, тамак-аш кошулмаларын колдоно баштаган. Ошондой эле дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоону таштаган эмес.

"Азыр өзүмдү 50 жаштагыдан да жакшы сезем. Мен гормон алмаштыруу терапиясынан баш тартып, анын жөнөкөй жолун таптым. Тагыраагы, өсүмдүк экстрактынан жасалган дарыларды колдоно баштадым. Мындан сырткары, кофеин, ичимдик, кумшекерди рациондон чийип салгам. Кызыл эт, тоок этин да жебейм, балыкты гана пайдаланам. Косметологго барып, сапаттуу гана косметикаларды колдоном. Сөөк, муундар бекемдесин деп тамак-аш кошулмаларын алам. Ар таңда медитация жасап, андан кийин спорт менен машыгам. Сальса дагы бийлейм", — деген ал.

Шери 40 жыл интерьер дизайнери болуп иштегенин айтып, эки жыл мурда модель агенттигинен сунуш түшкөнүн кошумчалаган. Ошондон бери ал өзүн модель катары көрсөтүп келет.

Ишкер аялдын учурда башы бош. Ал бир баланын апасы, эки неберенин чоң энеси. Уулу 39 жашта.

239
Белгилер:
дизайнер, сыр, сулуулук, жаштык, модель, Англия
Тема боюнча
Жаштык жана сулуулукту көпкө сактоочу азык айтылды

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

11
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

11
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт

Бөрү карыса да бир койлук алы бар! Тайсон менен Жонстун беттешинин толук видеосу

103
Бүгүн бокс дүйнөсүндө чоң майрам болду. Спорттун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде көптөн күттүргөн кармашты тартуулады.

Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.

Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

103
Белгилер:
видео, беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон, АКШ
Тема боюнча
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу