Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пашинян жаңжалга Түркиянын аралашканын сындап чыкса, Алиев аталган өлкө Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев "Россия 1" телеканалынын "60 минут" программасынын эфиринде Тоолуу Карабахтагы жаңжал тууралуу бири-бирине комментарий беришти.

Маанилүү билдирүүлөрү:

  • Илхам Алиев Азербайжан тараптан 11 жай тургун, анын ичинде эки жаш бала каза таап, аскерлер дагы набыт болгонун билдирди. Мындан улам Баку тийиштүү жооп кайтарганын айтты;
  • Никол Пашинян Түркия Карабахтагы жаңжалга кадимкидей аралашып, жадагалса Түркиянын жогорку даражалуу адамдары аскердик аракеттерди жетектеп турганын билдирди;
  • Алиев Түркия Ереван менен болгон жаңжалга катышып жатканы туурасында маалыматты четке кагып, "фейк" деп атады;
  • Пашинян армян элине коркунуч жаралып жатканын айтып, дүйнөлүк коомчулукту Баку менен Анкаранын аракеттерин талкуулоого жана Түркияны "Түштүк Кавказдан кетүүгө" аргасыз кылууга чакырды.
  • Алиев Армениянын талаптары Карабах боюнча сүйлөшүүгө ылайыксыз деп атады. Ал "Армениянын премьер-министри "Карабах — бул Армения, ошону менен чекит коюлушу керек" деп ачык эле айтууда. Мындай учурда кандай сүйлөшүү процесси тууралуу кеп кыла алабыз?" — деди;
  • Пашинян Карабахтагы жаңжалга түркиялык учактын катышканы көрүнүп турган факт экенин айтты;
  • Алиев Түркия Азербайжанга моралдык гана колдоо көрсөтүп жатканын билдирди.

Кыргызстан Азербайжан менен Армениянын жаңжалы боюнча позициясын билдирди

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0