АКШ президенттигине кандидат Жо Байден. Архивдик сүрөт

Трамптан так талашкан Байден аны "Путиндин күчүгү" деп ачуусуна тийди

352
(жаңыланган 11:13 30.09.2020)
АКШда президенттик шайлоо ноябрдын башында өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат, негизги атаандашы демократтардын өкүлү Жо Байден болмокчу.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп менен алдыдагы шайлоодогу атаандашы Жо Байден биринчи дебатында эле кайым айтышып кетишти. Бул тууралуу "Известия" агенттиги жазды.

Саясатчылар сөз берилгенде бири-бирин күнөөлөп, ар кандай сындарды айта баштаган. Дебаттын жүрүшүндө демократтардан өлкө башчылыгына аттанган Жо Байден Трампты "Путиндин күчүгү" деп атады.

"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге каршы туруп, анын айла-амалдарына барбай турганымды ачык билдиргем. А тиги (Трамп) — Путиндин күчүгү жадагалса америкалык аскерлердин кыйылган өмүрү үчүн бир нерсе талап кылып ооз ача албайт", — деген Байден.

Ал шайлоодо эмне үчүн америкалыктар ага добуш бериши керек деген суроого Трамптын жетекчилиги астында жарандар алсыз болуп, жакырланып, ошондой эле бөлүнүп-жарылууга, зордук-зомбулукка баргандыгын айткан.

Трамп: президенттик шайлоодо бир эле себеп менен утулуп калышым мүмкүн

Ошондой эле Байден Трамп коронавирус пандемиясында дүрбөлөңгө түшкөнүн жана дайыма калп айта берерин кошумчалаган. Президент болсо атаандашын ал 180 миллион кишини медициналык камсыздоодон кол жуудургусу келип жатканын жана негизи эле интеллекти төмөн экендигин айткан.

Дебаттын жүрүшүндө атаандашын сүйлөтпөй, улам сөзүн бөлө берген Трамптан Байден бир мүнөткө оозун жаап турушун суранган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болот.

352
Белгилер:
шайлоо, президент, дебат, Владимир Путин, Жо Байден, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШ президенти Дональд Трамптын жээни аны сотко берип, себебин түшүндүрдү
Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

69
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

69
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш

Тынчтыкка карай... Россия Тоолуу Карабахка кандай жардам берип жатат

153
Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасынын жашоочулары согуштан кийин акырындык менен үйлөрүнө кайта баштады. Аларга россиялык тынчтык орнотуучулар менен ӨКМ куткаруучулары жардам берүүдө.

Аскер инженерлери согуш учурунда талкаланган аймакта байланыш каражаттары менен инфраструктураны калыбына келтирүүгө жардам берүүдө. Ошондой эле жол кыймылы калыбына келип, борбор калаада коомдук транспорт каттай баштады.

Адистер мурда согуш талаасы болгон аймактын ар бир метринен жарылуучу заттарды издеп, учурда 2 гектар аймак менен 3 чакырым жолду тыкыр карап чыгышты. Көптөгөн жарандык жана социалдык объектилер текшерилди.

153
Белгилер:
жашоо, эл, тынчтык, Тоолуу Карабах, Россия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Карабахтагы сириялык туркомандар: согушууга барышканбы же жайгашуугабы?