АКШнын атайын кызматы: Байден балп эттирсе, Путин күнөөлүү деп билгиле

© REUTERS / Mike SegarКандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден
Кандидат в президенты США от Демократической партии Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кремлдин тигил же бул чуулгандуу окуяга тиешесин аныктоочу ар кандай тымызын антироссиялык теориялардын ыктымалдуулук даражасын белгилеген сөздөрдүн качан түгөнөрү бүйүр кызытат.

Highly likely ("ыктымалдыгы жогору" — Скрипалдердин ишиндеги), almost certainly ("дээрлик так" – "вакцина уурдоого" айыптоолорго байланыштуу) деген сөз айкаштарын жаттап деле калдык окшойт. Эми кезектеги — probably ("ыктымал") деген сөз жаңыра баштады, ага да көнүп бүтөт окшойбуз. Бул жолу The Washington Post басылмасынан Владимир Путин АКШ президенттигине талапкер Жо Байдендин баркын кетирүү боюнча жашыруун операцияны жеке өзү "probably башкарарын" билдик. Макаланын тегерегинде жана шайлоо алдындагы жагдайга Владимир Корнилов сереп салган.

Анан да бул ЦРУнун абдан купуя докладына шилтеме кылуу менен жазылган. Өтө жашыруун өңдөнөт, WP журналисттери бир нече адамдын баяндоосунда анын кыскача мазмуну менен тааныша алышкан.

Карабахтагы абалдын курчушу Кавказдагы чырга Россияны аралаштыруу аракетиндей...

Мындай карама-каршы бүтүмдүн маңызы таасирлентпей койбойт. Көрсө, ал кайсы бир аналитиктер тарабынан "ачык, жашыруун жана купуя чалгындоочу булактардын" негизинде жазылган.

Докладдын биринчи эле сабында: "Президент Владимир Путин жана россиялык жогорку кызматтагы аткаминерлердин бир тобу АКШ президентин колдоо иретинде Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президентин дискредитациялоого багытталган Россиянын таасир этүү жана шайлоо алдында коомдо ырксыздыкты жаратуу операцияларын жетектеп жатышы ыктымал (дал ошол probably. — авт. тактоосу)" – деп жазылган.

Чындап эле мурдагы вице-президенттин беделин түшүрүүгө далалат кылган ким?! Байдендин улам балп эттирген сөздөрүн ким даярдап берери да анык болуп калды. Анын колундагы текстке "коронавирустан 200 миллион киши каза табат" дегенди Путин жеке өзү кошуп койгон окшойт го... Алардын көз карашында, Байдендин баркын РФ президентинен башка киши түшүрө албайт тура.

Америкалык маалымат каражаттарынын көбү Ички коопсуздук министрлигинин ушуга окшош отчетуна да көңүл бурган. "Ич ара пайдалануу үчүн" деп чыгып, бирок кайдан-жайдан бардык маалыматтык сайттарга жарыяланып калган. Аталышы да "Россия 2020-жылдагы шайлоолорго таасир этүү үчүн америкалык талапкерлердин саламаттыгына доо кетирип жатышы мүмкүн".

Байкасаңыздар, "талапкерлер" деп көптүк түрдө айтылган. Ал эми америкалык басылмалардын басымдуу бөлүгүнө жарыяланган макалалар менен салыштырып, жарыялангандарына ынана турган болсок, кеп "Байдендин акыл саламаттыгына каршы россиялык чабуул" жөнүндө жүрүүдө.

Вакцина канчалык кооптуу: АКШ жооп сурап, Европа түшчү пайдасын эсептеп...

Бюллетендин өзүндө Дональд Трамптын психикалык абалына иран жана кытай чабуулу туурасында айтылганына карабастан, маалымат каражаттары бул чууга Россияны аралаштырышкан. Бирок Американын демократиялык басылмаларына баары бир. Азыркы президентти ким кандай атаса да, Байдендин акыл-эсине байланыштуу жаман айтууга болбойт. Орус-кытай-ирандык амалдуу планы иштеп кеткендей... Эгер жакында эле шайлоо кампаниясынын негизги штаттарында жүргүзүлгөн сурамжылоолорго ишенсек, ал жактагы шайлоочулардын 51 пайызы Трампты президенттик кызматка "аң-сезим жагынан жараксыз" деп эсептесе, Байден тууралуу деле ушундай ойдогулардын саны да теңме-тең. Америкалык шайлоочулардын АКШ президенттигине аттанган эки талапкердин акыл-эсинен шектенүүгө түрткү болгон нерсе – "россиялык дезинформациянын" жыйынтыгы деп боолголошот көрүнөт. Ал эми өзгөчө жүрүм-туруму бар, бөтөнчө билдирүүлөрдү ортого салчу Трамп менен Байдендин өздөрүнүн буга кымындай тиешеси жок окшойт. Адаттагыдай эле орустар айыптуу имиш.

WP басылмасындагы ЦРУнун өтө жашыруун докладынын айланасында деле окуя ушундай. Путинди күнөөлөгөн саптарынан кийин украиналык парламентарий Андрей Деркачтын иш-аракети баяндалат. Ал киши Петр Порошенко менен Жо Байдендин сүйлөшүүлөрүнөн аудиофрагменттерди улам чыгарып турганы менен белгилүү. Ал жазуулардагы бул эки кишинин үндөрүнүн аныктыгынан шектенип да коюшпайт. Бирок аны талкуулап же андан мисал келтирүү – күнөөнүн жеткен чеги.

АКШнын медиа коомчулугу сенаттын эки комитетинин жакын арада эле жарыяланган, тапандыкка сала "Хантер Байден, "Бурисма" жана коррупция" аталган докладдарына да ушундай эле караган.

Доклад кыйла көлөмдүү жана америкалык аткаминерлердин таң каларлык баяндары камтылган. Алар АКШнын жогорку жетекчилигине, анын ичинде вице-президент Жо Байденге да, мамлекеттик катчы Жон Керриге да украиналык "Бурисма" газ ишканасынын жемкорлук схемалары жана вице-президентттин уулу Хантер Байдендин бул фирмасындагы ишке байланышкан көйгөйлөр жөнүндө бир нече ирет билдирилген. Эгер Трамптын балдары жемкорлук иштерге байланышы аныкталып жана буга көз жуумп, тескерисинче, кубаттап кое турган болсо, аны маалымат каражаттары кандай тепкиге алып каларын элестетиш да кыйын.

Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок

Бирок сенаттын докладын маалымат каражаттарынын баары текши көз жаздымда калтырып же жөн гана "россиялык дезинформация кампаниясы" деп атап койду. Анда эмне АКШ сенаторлору "Кремлдин тыңчылары" болуп калабы?! Бирок докладда ошол эле аткаминерлердин көрсөтмөлөрү, төгүндөлгүс фактылар камтылган эмес беле. Ал аткаминерлер "Бурисманын" коррупциясы жана кенже Байдендин иши жөнүндө жогорку жакты жеке кабардар кылышкан.

Буга жооп катары демократтар өздөрүнүн контрдокладын даярдай салды. Анда атаандаш тараптардын аргументтерин бурмалоого аракет кылышкан. Анан да, албетте, демократтар сенаттын иликтөөсү "быйылкы шайлоого россиялык чабуулду" жаратты деген бүтүм чыгарган. Башкача айтканда, кайрадан эле РФ айыптуу. Кезегинде кенже Байденди Украинадагы жемкорлукка малынган фирмага дайындап, кийин анын атасына украиналык башкы прокурор Виктор Шокинди кызматтан кетирүүнү талап кылган Россиябы?!

Ошентип "Кремлдин сенаттагы жана Ак үйдөгү америкалык тыңчыларынын" аракети үчүн дагы жаңы санкцияларды күтүү керек. Анткени "probably" деп айтылганы менен РФтин "күнөөсүн далилдеп" беришпедиби...

Жаңылыктар түрмөгү
0