АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү

Дарыгерлер Трамптын абалы боюнча "этияттык" менен маалымат беришти

113
(жаңыланган 23:55 04.10.2020)
Жума күнү АКШ президенти тест тапшырып, коронавирус аныкталган. Өзү менен кошо аялы да ооруп калганы маалым болду.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Дарыгерлер АКШнын президенти Дональд Трамптын ден соолугуна "этият оптимизм" менен баа берип жатышат. Бул тууралуу аны дарылаган Шон Конли билдиргенин РИА Новости жазды.

"Ал (Трамп) көйгөйдөн арыла элек, ошентсе да биздин топ этияттык менен баары жакшы болорун болжолдоп жатат", — деп айтылат дарыгерлердин билдирүүсүндө.

Трамп: президенттик шайлоодо бир эле себеп менен утулуп калышым мүмкүн

Трамптын эксперименталдык ремдесивир дарысынын экинчи дозасын ичип, кычкылтек менен каныгуусу жогорку делген 96-98 пайыз ченде экени маалым болду.

Ошондой эле президент ишемби күнү түштөн кийин жумушунда болгону, кыйналбай эле кыймылдап жатканы кошумчаланган.

Ал эми Трамп ак халатчандардын жардамы менен өзүн жакшы сезип жатканын билдирген.

"Дарыгерлер, медайымдар, деги эле Уолтер Риддин медицалык борборунун кызматкерлери жана башка мекемелерден кошулган ак халатчандар укмуш экен! Алар чума менен күрөшүүдө чоң ийгиликке жетишкен!", — деп жазган Трамп Twitter баракчасына.

Жума күнү АКШнын президенти тест тапшырып, андан коронавирус чыккан. Аны менен кошо аялы Мелания Трамп да ооруп калган.

Президенттин катышуусундагы шайлоо алдындагы бардык иш-чаралар кийинкиге жылдырылып же онлайн-форматка өткөрүү чечими кабыл алынган. Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышууда.

113
Белгилер:
оору, коронавирус, Дональд Трамп, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1106)
Тема боюнча
Трамп өткөн жылы кантип канча киреше тапканын ММКлар айтып чыкты
Степанакертке жакын жерде зенит-ракеталык комплекси. Архивдик сүрөт

Азербайжан менен Армения жаңы элдешүүгө келмей болду

36
(жаңыланган 12:14 26.10.2020)
Элдешүү боюнча биринчи аракеттер Москвада 10-октябрга караган түнү болгон кеңешүүлөрдө башталып, бирок ал майнабын берген эмес.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов менен Зограб Мнацаканян АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган менен жолугуп, анын соңунда Тоолуу Карабах маселесинде элдешүү болгонун айтышты. Бул туурасындагы маалымат Американын мамлекеттик департаментинин сайтына жазылгандыгын РИА Новости кабарлады.

Маалыматта ок атууну токтотуу 26-октябрь саат 08:00дө ( Бишкек убактысы боюнча 10:00) күчүнө кирери айтылган.

"АКШ тышкы иштер министрлер менен Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагаларынын сүйлөшүүлөрүнүн ыкчам жүрүшүнө көмөкчү болду. Ал Азербайжан менен Армениянын ынтымакка келип, Тоолуу Карабах чырынын чечилиши эле", — деп айтылган маалыматта.

Тараптар Минск тобунун (ЕККУ) теңтөрагаларынын Карабах боюнча 1-октябрдагы билдирүүсүнүн негизинде 10-октябрда Москва шаарында айтылган келишимдерди сактоого ынтызар экендигин айтышкан.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Twitter баракчасына эки жак дүйшөмбүдөн тарта ок атууну токтотуу тартибин карманууга милдеттенме алганын тастыктаган.

Элдешүү боюнча биринчи аракеттер Москвада 10-октябрга караган түнү болгон кеңешүүлөрдө башталган. Азербайжан менен Армениянын ТИМ жетекчилерин Россия борборуна президент Владимир Путин чакырган. Жолугушуунун аягында Баку менен Ереван 10-октябрда согушту токтотуп, туткундарды, каза болгондордун сөөгүн алмашууга макулдашкан. Бирок эки тарап дароо эле бири-бирин келишимди бузгандыгы боюнча күнөөлөөгө өткөн.

Кийин 18-октябрда кайрадан гумантитардык элдешүү аракети жасалып, бирок андан эч нерсе чыккан эмес.

Карабахтагы абал

Аймакта кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө Баку менен Ереван бири-бирин чатактын баштоочусу катары күнөөлөп келет.

Армения согуштук абал киргизип, жалпы мобилизация жарыялаган да, 18ден 55 жашка чейинки эркек кишилердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган.

Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады

Азербайжанга да коменданттык саат киргизилип, жарым-жартылай мобилизация жарыяланган.

Бул чатактын кесепетинен адам өмүрлөрү кыйылууда. Дүйнөлүк коомчулук эки тарапты эсине келип согуш отун токтотууга чакырган.

36
Белгилер:
чатак, Тоолуу Карабах, Армения, Азербайжан
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Карабахтагы абал: "алоолонгон" маалымат согушунун ачуу үнү
Карабах чыры. Азербайжандык MMA мушкери армияга чакырылды
Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

ПЦР-тест кайсы өлкөдө канча турат

134
(жаңыланган 10:33 26.10.2020)
Учурдагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу бир өлкөдөн экинчисине өткөн адам сөзсүз түрдө коронавирус жуктурбагандыгы тууралуу тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Көптөгөн өлкөлөр чек арасын ачып, чет элдиктерге кирүүгө уруксат бергени менен ар бир кишиге коронавируска ПЦР-тест тапшыруу талабын коюуда. Sputnik Казакстан агентиги өлкөлөрдө бул тесттин баасы канча турарын жана тапшыруу шарттарын билип көрдү.

Казакстан

Коңшуларда ПЦР-тест тапшыруунун акысы март айынан бери 1,5 эсеге арзандаптыр. Анда дээрлик 20 миң теңге турса, учурда 8 миң теңгеге (1500 сомдон бир аз көбүрөөк) тапшырса болот. Баса, Казакстан бүгүндөн тарта коронавирус жуктурбаганын далилдеген маалым кат жок өз аймагына казак жарандарын дагы киргизбейт. Тесттин жыйынтыгы 72 саатка чейин жарактуу болуп эсептелет.

Россия

Россияда бир кишинин тест тапшыруусу үчүн 2 300 рубль керек (2 600 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 24-72 сааттын ичинде даяр болот.

Өзбекстан

Ташкентте ПЦР-тест тапшырууну каалагандар 250 000-300 000 сум (1 800-2 400 сомдун тегереги) төлөшү керек. Жыйынтыгын 24 сааттын ичинде чыгарып беришет.

Кайсы өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга кирип-чыга алат? Тизме

Украина

Киевде ПЦР-тесттин баасы 950 гривен (2 700 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 12-24 саатта колго тиет.

Түркия

Стамбул шаарында коронавируска тест тапшырууга туура келип калса капчыкта 250-400 лираңыз (2500-4000 сомдун тегереги) болушу керек. Жыйынтыгын 24 сааттын ичинде аласыз. Аэропорттордо 4 сааттын ичинде даярдап беришет.

Түштүк Корея

Сеул шаарында ПЦР-тест бир топ кымбат, 100 доллардан 200 (8 миң-16 миң сомдун тегереги) долларга чейин жетет. Жыйынтыгы 12-48 саатта чыгат.

Египет

Кыргызстандык туристтер көп каттаган Шарм-эль-Шейхте ПЦР-тестти 180 египет фунтка (8500 сомдун тегереги) тапшырууга болот. Жыйынтыгы 48 саатта чыгат.

Бириккен Араб Эмирлиги

Дубай, Шарджа, Абу Даби, Аль Айне шаарларында тесттин баасы — 150 дирхам (3200 сомдун тегереги). Жыйынтыгы 24-48 саатта чыгат.

Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер

Германия

Франкфурт, Дюссельдорф, Мюнхен шаарларында тест тапшыруу жыйынтыгы даяр болчу убакытка жараша 59-139 евро турат. Бул 5600-13 000 сомдун тегерегиндеги сумма. Жыйынтыгы 6 сааттан 24 саатка чейин берилет.

Кыргызстан

Ал эми Бишкекте ПЦР-тесттин баасы — 1 700 сомдон 2 390 сомго чейин. Жыйынтыгы 24-48 саатта даяр болот.

134
Белгилер:
баа, ПЦР-тест, коронавирус, дүйнө, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1106)
Тема боюнча
Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу
Кыргызстандан Россияга кантип кетсе болот? Эрежелер
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

0
(жаңыланган 12:57 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

0
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди