Ак үй: COVID-19 жуктуруп алган Трамптын абалы кескин начарлап кеткен

© REUTERS / JOSHUA ROBERTSАКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамптан коронавирус аныкталгандан кийин анын канындагы кычкылтектин деңгээли дароо төмөндөп, дене табы көтөрүлгөн.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Жума күнү COVID-19 жугузганы аныкталган соң АКШ президенти Дональд Трамптын абалы дароо начарлап кеткен. Бул тууралуу Fox News телеканалына Ак үйдүн администрациясынын жетекчиси Марк Медоуз билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп менен кошо анын аялы Мелания Трамптан коронавирус табылгандыгы тастыкталган.

Дарыгерлер Трамптын абалы боюнча "этияттык" менен маалымат беришти

"Биз абдан тынчсыздандык. Анын дене табы көтөрүлүп, канындагы кычкылтек дароо түшүп кеткен", — деди ал.

Медоуз кошумчалагандай, азыр президенттин абалы жакшы, анын калтырагы басылып, канындагы кычкылтектин деңгээли көтөрүлдү. Трамп азыр оптимисттик маанайда.

Жаңылыктар түрмөгү
0