Адис коронавирустун жаңы белгисиз кесепеттери тууралуу билдирди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
MIS-A сезгенүүчү синдрому мурда балдардан табылса, азыр коронавирус менен ооруп айыккан чоңдордон да табыла баштаган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Болжолдуу түрдө коронавирус менен байланышы бар делген жаңы MIS-A синдрому COVID-19дун жалгыз кесепети эмес. Бул тууралуу инфекционист Николай Малышев билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

"Коронавирус аз изилденген белгисиз вирус болгондуктан мындай көрүнүштөр чыга берет. COVID-19дун белгисиз сырлары көп. Мындан улам бир топ кыйынчылыктарга кабылышыбыз мүмкүн", — деди ал.

Жакында эле кабарлангандай, MIS-A сезгенүүчү синдрому мурда балдардан табылса, азыр коронавирус менен ооруп айыккан чоңдордон да табыла баштаган.

Инфекционист Валерий Безносенко белгилегендей, коронавирустун кесепети аз иликтенгендиктен тобокелдик тобундагыларды жана вирустун пайда болуусуна таасир этүүчү факторлорду аныктоодо дарыгерлер түйшөлүп турат.

"Өнүгүүнүн бардык механизмдери тууралуу айтуу кыйыныраак, бирок ал денедеги клеткаларына "кол сала" баштаганда иммундук системада мүчүлүштүк пайда болот", — деди ал.

Окумуштуулар аныктагандай, MIS-A COVID-19 симптому жуккандан 14-37 сутка өткөндөн кийин организмде пайда болот. Мындай жол менен изилдөөчүлөр синдром коронавирустун оор түрүнө кирерин же "инфекциядан кийинки процесс" экендигин айта албай жатышат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө COVID-19 жуктурган 34,7 миллион учур катталган. Миллиондон ашык адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0