Быйыл медицина боюнча Нобель сыйлыгы С гепатитин иликтегендерге ыйгарылды

© REUTERS / TT NEWS AGENCYФизиология жана медицина жаатындагы Нобель сыйлыгынын быйылкы ээлери С гепатитин иликтеген окумуштуулар Харви Альер, Майкл Хоутон жана Чарльз Райс
Физиология жана медицина жаатындагы Нобель сыйлыгынын быйылкы ээлери С гепатитин иликтеген окумуштуулар Харви Альер, Майкл Хоутон жана Чарльз Райс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салт катары жыл сайын өтүүчү азем физиология жана медицина жаатындагы лауреаттардын ысымын жарыялоо менен ачылган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Быйыл физиология жана медицина жаатындагы Нобель сыйлыгы С гепатитин иликтеген окумуштуулар Харви Альер, Майкл Хоутон жана Чарльз Райска ыйгарылды. Бул тууралуу аталган уюмга таянып РИА Новости жазды.

​Окумуштуулар тарыхта алгачкы жолу С гепатитин дарылоого мүмкүн экендигин аныкташкан.

"С гепатити вирусунан сакайтууга мүмкүн болду. Лауреаттардын бул ачылышы өнөкөт гепатит илдетинин сакталып калган учурларынын себебин аныктап, кан анализин жүргүзүүгө жана миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калган жаңы дарыларды пайдаланууга болорун аныктады", — деп айтылат Нобелдик комитеттин билдирүүсүндө.

Нобель сыйлыгынын ээси: COVID-19 вирусу лабораторияда иштелип чыккан

Салт катары жыл сайын өтүүчү иш-чара физиология жана медицина жаатындагы лауреаттардын ысымын жарыялоо менен ачылган. Шейшембиде физика, шаршембиде химия боюнча сыйлык ээлеринин аты аталат. Ал эми бейшемби күнү аталган сыйлыкка адабият боюнча татыган ысымдар айтылса, жума күнү дүйнө сыйлыгы тапшырылат. Швециянын мамлекеттик банкы тарабынан негизделген Альфред Нобель ысымындагы сыйлык дүйшөмбү күнү, 12-октябрда экономика боюнча жеңүүчүгө тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0