Тамактанып жаткан кыз. Архив

Индиялык кыз спорт залы жок эле кантип 34 кг арыктаганын айтып берди

(жаңыланган 09:04 07.10.2020)
Жаш кыз арыктайм деген чечимди кийимдери батпай калганда кабыл алган. Ал ашыкча салмактан арылам дегендерге аз убакытта жыйынтык күтпөөгө кеңеш берген.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Индиялык кыз спорт залга баш бакпай эле 34 килограмм арыктаганын Times of India басылмасы жазды.

Ал ашыкча салмактан сегиз айда арыла алган. Бою 160 сантиметр болгон кыздын салмагы 96 килограммга чейин жетип кеткен.

Кыз ашыкча салмактын айынан санаа тартып, айланасындагылардын да шылдыңына кабылып жүргөн. Арыктайм деген чечимди олуттуу түрдө кийимдери батпай калганда кабыл алган.

Ошондон тарта индиялык кыз тамакты мүнөздөп ичип, азыкты үйдөн гана жасаган. Эртең мененки тамакка жер-жемиш, ботко же күрүчтөн тамак жесе, түштөнүүгө салат, жасмык шорпо, быштак жана жапма нан менен курсагын тойгузган.

Арыктоо үчүн күнүмдүк тамакка колдончу азыктар тизмектелди

Ал эми кечки тамакка салат же шорпо ичкен. Эгер түштөнүүдө нык тамактанса, шам-шум эле этип койгон.

Ошондой эле кээде жөө басып, планка көнүгүүсүн жасап коюп турган. Жеңил машыгуулардын алдында көк чай, аягында суу ичкенин айткан.

Мындан сырткары, анда-санда шоколад жеп коерун жашырган эмес. Күнүнө үч литрден кем эмес суу ичет, ал эми уктаарда куркума кошулган бир стакан сүттү жутуп жатат.

Соңунда ал арыктайм дегендерге аз убакытта жыйынтык күтпөөгө кеңеш берген.

Белгилер:
тамактануу, арыктоо, кыз, Индия
Тема боюнча
Өз курагынан өтө жаш көрүнгөн британиялык 53төгү аял арыктоонун сырларын айтты
Коронавируска каршы вакцина табуу. Архивдик сүрөт

Россияда коронавируска каршы дагы бир вакцина иштелип жатат

(жаңыланган 21:26 10.04.2021)
Россияда 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчилерден болуп "Спутник V" вакцинасы каттоодон өткөн. Кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" чыккан.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын А. А. Смородинцев атындагы грипптин илимий-изилдөө институтунун кызматкерлери (Саламаттык сактоо министрлиги негиздеген) коронавируска каршы дагы бир вакцина чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Ведомствонун жетекчиси Михаил Мурашконун айтымында, жакында окумуштуулар иштин алдын ала жыйынтыктары менен бөлүшөт.

Ал эми институттун жетекчиси Дмитрий Лиознов клиникалык тажрыйбалар күзүндө башталып, келерки жылдын кыш-жаз айларында колдонууга чыгарылышы мүмкүн экенин белгилеген.

Россияда 2020-жылдын август айында дүйнөдө биринчилерден болуп "Спутник V" вакцинасы каттоодон өткөн. Кийин "ЭпиВакКорона" жана "КовиВак" чыккан.

Белгилер:
окумуштуулар, коронавирус, вакцина, Россия
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Дарыгер бейтаптын мээсин рентген сүрөтүн карап жатат. Архив

Мээ тромбозун кандай белгилер коштоп келет

Мээ тромбозу улгайган, кан басымы жогору же атеросклероз менен ооруган адамдарда көп кездешет. Айрым учурда жаштарда дагы болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу Юрий Беленков адам мээнин тромбоз илдетине чалдыкканы жатканын кайсы белгилерден байкаса болорун айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Дарыгер төмөнкү белгилерди санады:

  • чыдатпаган баш оору;
  • беттин симметриясынын бузулушу;
  • тилдин буулушу;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • кол менен буттун чымырап же кыймылга келбей калышы.

Мындан тышкары, адис айрым адамдар кыска мөөнөткө эсин жоготкон учурлар дагы болорун кошумчалады.

Мээ тромбозу — бул тромб мээдеги артерияга тыгылып, өлүмгө дуушар кылган инсульттун бир түрү. Бул илдет улгайган, кан басымы жогору же атеросклероз менен ооруган адамдарда көп кездешет. Айрым учурда жаштарда дагы болушу мүмкүн.

Белгилер:
тромбоз, белги, оору, мээ
Тема боюнча
Невролог: байкалбай келген инсультту 7 белгиден улам билсе болот
Британияда AstraZeneca менен эмделген 7 киши тромбдон улам көз жумду

Атаандаштарын ары-бери тоголотуп. Айперинин беттештеги видеосу

(жаңыланган 23:05 10.04.2021)
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.

Айпери кыздар күрөшүнүн эң оор, 76 килограмм салмакта күч сынашты. Үчүнчү турда индиялык балбан кыз Пуджа Пуджа менен кез келип, аны 10:0 эсебинде утту.

Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.

Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды. 

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, мелдеш, Олимпиадалык оюндар, лицензия
Тема боюнча
Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат
Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди