Россия жаңы Су-57син биринчилерден болуп кимге сатат?

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБешинчи муундагы Су-57 көп функционалдуу истребители
Бешинчи муундагы Су-57 көп функционалдуу истребители - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку технологиялык россиялык курал дүйнөнү жана эл аралык курал рыногун багындырып келет. Аскердик-техникалык кызматташтык жаатында РФтин эң өнөктөштөрүнүн бири Алжир бешинчи муундагы Су-57 истребителинин тун экспортчусу болууга ашыгат.

Америкалык The Military Watch Magazine аскердик-аналитикалык басылмасы: эскирген "Мигдердин" паркын алмаштыруу үчүн Россияга Су-57 истребители жана башка авиатехникага буюртма кылганын маалымдаган. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул ирет ушунун айланасында ой толгогон.

Андан тышкары, Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча россиялык федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев жакында Алжирдеги кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 14 Су-57Э учак менен жабдуу маселесин талкуулаган.

Андан мурда Алжир Жер Ортолук деңиздин түштүк жээгинде бешинчи муундагы истребителдерге биринчилерден болуп ээлик кылууга ниетин билдирген. Алжирдин Menadefence аскердик жаңылыктар сайты былтыр декабрда Россияда өндүрүлгөн жаңы истребителдердин жана бомбалоочу учактардын бир нече партиясын алууга Алжир тарап келишимге кол койгонун кабарлаган.

Алжир делегациясы россиялык МАКС авиасалонуна келип кеткенден кийин 2019-жылдын жайында принципиалдуу чечим кабыл алынган. 2025-жылга дейре буюртмаларды тапшыруу пландалган, бул Алжирдин Аскердик аба күчтөрүнө бирден эскадрилья — Су-57, Су-35, МиГ-29М2 (ар биринде 14 учак, ошондой эле эки Су-30МКА жана 14 бомбалоочу Су-34 учагын алууга мүмкүндүк берет.

Аймактагы коңшулары аскердик аба күчтөрүн пландуу бекемдеп жатканда (Марокко 25 F-16 истребителине басым жасап, Италия "көзгө чалдыкпас" F-35тен алууга белсенген) Алжирдин бешинчи муундагы "көрүнбөс" учактарды сатып алууга умтулуусу түшүнүктүү. Россиялык өндүрүштөгү башка жаңы истребителдери менен бирге аракет этүүдө Су-57 учактары абада артыкчылыгын көрсөтөт.

Аскердик авиация жаатында алжирдик-россиялык келишимдердин суммасы ар кыл маалыматтар боюнча 2 млрд доллардан 6 млрдга чейин чыгат. Россиялык Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча россиялык федералдык кызматы Алжирге Су-57 тапшыруу жөнүндөгү маалыматты расмий тастыктап да, төгүндөгөн да жок. Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи.

АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?

"АРМИЯ-2020" VI эл аралык аскердик-техникалык форумунда Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча россиялык федералдык кызматтын басма сөз катчысы Мария Воробьева россиялык Су-57 истребителдерин сатып алууга бир катар мамлекеттерден расмий тапшырык жөнүндө маалымдаган.

Россияда чыгарылган учак жана авиациялык кыйратуучу каражаттардан улам Алжирдин аскердик-аба күчтөрү Африка континентинде эң өнүккөн, тең салмакталган жана күчтүү болуп саналат.

Аскердик аба күчтөрүнүн негизин 45 Су-30МКА оор истребители (4+ муундагы) түзөт, алар узак аралыктан аба жана жердеги буталардын кеңири спектрин таамай талкалай алат.

Х-31 канаттуу ракеталарды (ылдамдыгы 3 Махтан ашуун), МиГ-29 истребителдеринин төрт эскадрильясын жана 36 фронттук Су-24М бомбалоочуну пайдаланууга жөндөмдүү болгон Су – 30 истребителинин согуштук мүмкүнчүлүктөрү бир топ.

Ынанымдуу кепилдиктер

Алжирдин орус куралын (абада, жерде, деңизде) тандашы да капыстан эмес. Бардык параметрлери боюнча чет элдик аналогдорунан ашып түшкөн россиялык Су-57 истребители жарнамага муктаж эмес.

Согуштук кырдаалда өтө аз чагылткан үстүңкү каты Су-57ни душмандын радиолокациялык системаларына байкалтпайт (конструкциясында композициялык материалдар үстүңкү бетинин 70%ын жана салмагынын 25%ын түзөт).

Мээлегенин алып түшкөн "Прометей". Бутасын 550 чакырымдан кыйратчу жаңы ракета

Абада аларга артыкчылыкты сүйрөөчү үч кат векторунун кыймылдаткычтары, негизги радиолокациялык станция жана Су-57нин "акылдуу капталышы" – буталарды табуучу уникалдуу оптикалык-электрондук тутуму жана электрондук тоскоолдорду орнотуучу тутумдар камсыздайт.

Россиялык истребитель 400 чакырымга чейинки аралыктан аба жана жердеги буталарын таап, 62 объектини коштоп, форсажсыз режимде үндөн ыкчам ылдамдыкты өрчүтүп, 14 типтеги куралды ташый алат (эки ички бөлүгүндө бүтүндөй он тонналык арсенал жайгаштырылган).

Су-57 согуштук жүгү жана өздүк массасынын рекорддук түрдө шайкеш, бул көрсөткүчү боюнча бешинчи муундагы башка учактардын арасында теңдеши жок. Аскердик радиусу - 5500 чакырым, ракеталык куралданышы Сирияда тапшырмаларды аткарууда ийгиликтүү сыноодон өткөн.

Болжолдуу таймашта Су – 57 "көзгө чалдыкпас" деген F-22 жана F-35 учактарын биринчилерден болуп таап, жок кылууга жөндөмдүү. Башка кептин кереги деле жок. Ошентсе да The Military Watch Magazine журналы "революциялык технологиялардын карлыгачы" – Су – 57 истребители үчүн атайын иштелип чыккан "аба – аба" классындагы жаңы россиялык К-77 ракетасынын мүмкүнчүлүктөрү туурасында жазып чыкты.

Басылмадагы маалыматтарга таянсак, тыгыз жана кооптуу К-77 ракетасы 193 чакырымга чейин жетет. Бул алдыңкы саптагы америкалык AIM-120D (180 чакырым) ракетадан да жогору. Ал эми башкысы, жаңы ракета узун аралыкты маневрдүүлүгү жана тактыгы менен айкалыштырат.

Командорго түшкөн россиялык десант жана Анадырдагы Ту-160. "Өнөктөштөргө" жооп

Активдүү фазадагы антенналык торчосун киргизүү технологиясы К-77 ракетасын абдан узак аралыктан чакан жана кыймылдуу буталарга каршы да натыйжалуулугун кескин жогорулатат.

Ракетанын тумшук бөлүгүндөгү татаал радиолокациялык системасы ракетанын маңдай жагындагы көрүүнү даана кылып, айланасындагы 360 градуска көз сала алат. Душмандын эч бир истребители буйтап же К-77ге байкалбай калбайт.

Мындай ракеталардан Су-57 сегизден кем эмес бирдикти ташый алат. Кооздугу жана күчүнүн сүрдүү айкалышы мындай куралдын ээсине тынчтыкты жана кооптуулукту кепилдейт.

Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча россиялык федералдык кызматтын жетекчиси Дмитрий Шугаев жакында эле белгилегендей, Россия аскердик-техникалык кызматташтык тармагында ынанымдуу өнөктөш катары, мыйзам жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелеринин алкагында ынанымдуу өнөктөш катары иш алпарат.

Тегин жерден 2020-жылы буюртмалардын россиялык портфели 55 млрд долларга бааланып (КМШ өлкөлөрүнүн үлүшү – $2 млрд), бир нече жылдан бери ушул калыбында келе жатат.

Авиация буюртмалардын 45 пайызына чамаласа, үчтөн бирин абадан коргонуу техникасына, 15 пайызга жакыны кургактагы техникага туура келет. Жакынкы жылдары Су-57 уникалдуу истребителине үстөмдүгү артып бараткан тармакта (аскердик аба күчтөрүндө) буюртмалары кыйла көбөйүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0