Күндүз эмнеге уйку келе берерин дарыгер түшүндүрүп берди

CC0 / Pixabay / Jess FoamiВлияние сна на здоровье
Влияние сна на здоровье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис уйку үч айдын ичинде калыпка түшпөсө, дарыгерге көрүнүү керектигин билдирди. Себеби күндүз уйкусуроо бир нече синдромдун белгиси болушу ыктымал.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Россиянын сомнологдор коомунун жетекчиси, эмгеги сиңген дарыгер Роман Бузунов күндүз уйкунун келе беришинин бир нече себебин санап бергенин РИА Новости жазды.

Адис кеп түндө уйкуну кандырып деле күндүз үргүлөй берүү жөнүндө болуп жатканын белгилеген. Медицинада мындай абал гиперсомния деп аталат.

Бузуновдун айтымында, күндүз уйкусуроо коңурук тартуудан улам — апноэ обструктивдүү синдромунун симптому байкалса болушу мүмкүн. Тагыраагы, коңурук тартып жатканда дем алуу кыска убакытка токтоп калып, анан мээ кычкылтектин жетишсиздигинен "ойгоно" калат.

Эндокринолог: уйку гормону бузулган адам бат картаят

Темир менен D жана B витаминдеринин жетишсиздиги дагы уйкуну келтирип, алсыратат. Мындан тышкары, киши түндө уктап жатканда бутун кыймылдатып, тынч боло албаса да кесепетин күндүз тартат. Бул көрүнүштү медицинада "жаны жай албаган буттар" деп коюшат.

Адис жогорудагы белгилердин бири үч ай бою кайталана берсе, уйкуну калыбына келтирүү үчүн дарыгерге кайрылуу керектигин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0