Кытай коронавирустун экинчи толкунунан кантип кутулду. Тургундардын баяны

© REUTERS / THOMAS PETERКоронавируска тест тапшыруу үчүн кезекте турган адамдар. Архив
Коронавируска тест тапшыруу үчүн кезекте турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайга баргандар эки жума карантинде болушат. Айрым мекемелерде кызматкерлер менен сырттан келгендердин дене табын текшерип, кээде ким экенин тактаган маалымат сурашат.

БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кытайда жашаган россиялыктар "Вечерняя Москвага" берген маегинде COVID-19дун экинчи толкунунан кутулуу үчүн КЭРге "иштелип чыккан система" жана коопсуздук чарасын көзөмөлдөө жардам берген.

"Негизинен жашоо эбак эле мурунку калыбына түшкөн. Гонконгдо убак-убагы менен кандайдыр бир оорунун очогу жарыяланууда, бирок тез эле басып коюп жатышат. Кытайларда бардык система иштелип чыккан, ресурстар жетиштүү", — деди басылмага Гуаньчжоу шаарынын жашоочусу Александр.

Анын айтымында, бийлик жарандардан коомдук коопсуздук эрежелерин сактоону суранса эле жетиштүү. Инфекциянын очогу чыгары менен бийлик дароо реакция берет.

"Мисалга, июнда Пекинде оору тез жайылып баштаганда инфекциянын пайда болгон очогу тез эле жок кылынган. Эки жумада жеңип чыгышты. Шаарды да жапкан жок", — деди ал.

Дарыгер: Трамптын коронавирусту башкаларга жуктуруу коркунучу жок

Шанхайдын жашоочусу Андрей белгилегендей, Кытайда кээ бир чектөөлөр калтырылган. Мисалга, сырттан келгендер эки жума карантинде болушат. Муну менен катар айрым уюмдар кызматкерлеринин жана кардарлардын дене табын өлчөп, кээде өздүгүн тастыктаган документин талап кылат.

"Ар бир жергиликтүү тургундун смартфонунда атайын программа жүктөлгөн. Ал телефон ээсинин кыймылын көзөмөлдөп, ден соолук кодун көрсөтүп турат. Эгер адам вирус көп жакка барса ага жашыл код, кооптуу аймакта болсо, тетирисинче, кызыл код жиберилет", — деди Андрей.

Кээ бир шаар бийлиги байкоосуна жараша кошумча чектөөлөрдү киргизип коёт. Андрейдин айтымында, Кытайдагы карантинди көзөмөлдөө олуттуу жүрөт, аны бузгандарга атайын браслет кийгизилип, үйүнүн алдына камера орнотуп коюшат.

Акыркы учурда Кытайда коронавирустун 26 жаңы түрүн катташкан. Өлкөдө 91 миң адамдан COVID-19 аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0