Адис: коронавирус ашыкча салмагы бар адамдар үчүн кооптуу

© Photo / Pixabay / Michal JarmolukЛишний вес
Лишний вес - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис ашыкча салмактан арылуу коронавирус инфекциясын алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин айтат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Ашыкча салмагы бар адамдар коронавируска кабылса каза болуу ыктымалдыгы 48 пайызга жогорулайт. Мындай тыянакты Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Олег Салагай билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, мындай пикир бүгүнкү турмушта жүргүзүлгөн изилдөөлөргө негизделет.

“400 миңдей бейтапка жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөндөй, коронавирус жуктурган семиз адамдар ооруканага түшүп калуу ыктымалдыгы 113 пайыз, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калуу ыктымалдыгы 74 пайыз. Ал эми 48 пайызында каза болуу ыктымалдыгы бар”, — деп айтылат маалыматта.

Сарыбаев: жүрөк оорусунун пайда болушуна көбүнчө атеросклероз себепкер

Адис ашыкча салмактан арылуу коронавирус инфекциясын жана анын терс кесепеттерин алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0