Адамды тез картайткан 10 азык. Тизме

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКофе жана сахар. Архив
Кофе жана сахар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тузду көп колдонуу денедеги сууну чыгарбай кармап калып, андан улам адам суу иче берип шишип кетет.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Адамды тез карыта турган азыктарды "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Макаланын авторлорунун айтымында, рафинаддалган кантты ашыкча колдонуу организмдеги белок менен липиддердин жабыркашына алып келет. Анын натыйжасында теринин коллагени бузулуп, бырыш көп түшө баштайт.

Фастфуд, куурулган майлуу тамак, маргарин майы жана консервалардын курамында жүрөк ооруларын эле чакырып тим болбостон кан тамырларды кысып, кан айланууну жайлата турган зыяндуу азыктар бар.

Адис адам карып бара жаткандагы эң маанилүү үч куракты атады

Ал эми тузду көп колдонуу денедеги сууну чыгарбай кармап калып, андан улам адам суу иче берип шишип кетет.

Кургаган тери бат карый баштай турганы белгилүү. Кофе жана колбаса, сосиска өңдүү азыктар организмде суунун жетишпестигине алып келет. Муну менен катар алар коллагенди пайда кылуучу С витаминин азайтат.

Ачуу тамак да кан айлануу системасына таасир этет. Ал кан тамырларды кеңейтип жибергендиктен тери жаш курагына жараша бат өзгөрүп баштайт. Ошондой эле дайыма ар кандай татымдарды колдонуу адамды аллергия кылып, ичти көптүрүп же теринин кызарышын шарттайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0