Кинотеатрдагы көрүүчүлөр. Архив

ДССУ: дүйнөдө коронавирустун экинчи толкуну жок

226
(жаңыланган 11:22 14.10.2020)
Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 38 066 297ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Дүйнөдө COVID-19 пандемиясынын экинчи толкуну байкалган жок. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Өзгөчө кырдалдар боюнча директору Дорит Ницанга шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Коронавирустун бардык түрүн жана формаларын изилдеп көргөнүбүздө, дүйнөдө пандемиянын экинчи толкунунун башталганы байкалган жок. Болгону айрым өлкөлөрдө көбөйүп жатат. Ошол эле учурда вирус азайып калган мамлекеттер дагы жок эмес", — деди адис.

Ницандын айтымында, көпчүлүк адамдар бул оорунун канчалык кооптуу экенин дагы деле сезе элек.

"Дүйнөдөгү адамдардын беш гана пайызы вирустун оор формасына кабылды. Бирок катуу ооруп, сакайгандан кийин дагы ден соолугун калыбына келтире албай жүргөндөр арбын. Андыктан сак бололу", — деди ДССУ өкүлү.

Эске салсак, ушул жылдын 11-мартында дүйнөдө коронавирус пандемиясы жарыяланган. Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, жер жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны бүгүн 38 066 297ге жетти. Ал эми Кыргызстанда вируска кабылгандардын саны 50 миңден ашты. Акыркы күндөрү биздин өлкөдө дагы коронавирустан кайрадан өлүм катталып жатат.

226
Белгилер:
пандемия, экинчи толкун, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, дүйнө, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1100)
Тема боюнча
Бир сутка ичинде 330 кишиден коронавирус табылды
АКШ аскери субмаринада. Архив

"Оңой менен кыйрабайт": Түндүктө америкалыктар бункерге кайтууда

154
(жаңыланган 19:34 22.10.2020)
Жүздөгөн метр аска кыртышы, түз өзөктүк соккуга туруштук берүү жөндөмү жана ракеталык куралы бар атомдук суу түбүндөгү кайыктар — АКШнын аскердик-деңиз күчтөрү Норвегиядагы Олавсверн базасын жандандырууга ниеттенди.

Жер алдындагы бул аскердик-деңиз база кансыз согуш убагынан калган.

Seawolf субмарина-чалгындоочуларынын бир нечеси ушул жерден күзөткө жана Түндүк флоттун кемелерине көз салууга чыгып турат. НАТОнун бекем корголгон объектилеринин бири жөнүндө РИА Новости сайтына Николай Протопоповдун макаласы жарыяланган.

Аскадагы калаа

Олавсверн базасындагы активдүү аскердик ишмердик 2000-жылдардын башында токтогон, ал эми объект толугу менен 2009-жылы тоңдурулган. Бирок жакында америкалыктар кайрадан ушул жайга суу алдындагы атомдук кайыктарды жайгаштырууну чечишти. Батыштагылар билдиргендей, буга Арктикадагы Россиянын күчтөнүшү себеп болгон.

Олавсверн базасына Seawolf классындагы бардык субмариналарды жеткиришет. Август айында алардын бири Бангор аскердик-деңиз базасынан (Вашингтон штатындагы) Норвегиядагы Тромско сынамык сапарга чыккан. Бул портту америкалыктар суу түбүндөгү атомдук кайыктардын ортодогу токтотмо жай катары пайдаланышат, провизия запасын толуктап, сапар арасындагы оңдоп-түзөтүүлөр жүргүзүлөт.

Seawolf классындагы суу түбүндөгү атомдук кайыктар – АКШнын эң купуя субмариналарынан. Аларды 1980-жылдары толук душмандардын көзөмөлүндөгү райондордогу аракеттер үчүн атайын иштеп чыгышкан. "Деңиз бөрүлөрү" дабышы аз, көзгө көп көрүнбөс болуп чыккан. Бортунда кеме жана кайыктарга каршы колдонулуучу кубаттуу куралдар орнотулат. Бир кайык элүүдөй "Томагавк" же "Гарпун" канаттуу ракеталарын, болбосо, ушундай эле санда кемеге каршы торпедаларды ташый алат.

ХХ кылымдардын аягында америкалыктар ушундай кайыктан 30 чакты жасоону пландашкан, бирок СССР ыдырап жана Варшавалык келишим уюму жоюлгандан кийин тим болушкан. Ошентип, АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнө мындай субмаринадан үч даана гана тийген.

Олавсверн аскердик-деңиз базасын тээ 1960-жылдары эле курушкан. Россия менен чектешкен жерден болгону 350 чакырым ыраак, Түндүк флоттун суу алдындагы кайыктарынын күзөт маршрутуна жапжакын.

Кансыз согуш жылдарында америкалыктар жана алардын союздаштары базада суу түбүндөгү күчтөрдү кармашкан. Алар Түндүк Муз океанынын акваториясына жооптуу болушкан. НАТОнун субмариналарынын экипаждары каалаган убакта Түндүк флотко Норвегия деңизине, андан ары Түндүк Атлантикага чыгышына бөгөт коюуга даяр эле.

Россиялык "Панцирь" — душмандын учкучсуздарына каршы каражаттын мыктысы

Суу алдындагы ири комплекс аскада оюлуп жасалган, калыңдыгы 300 метр тоо тегинин катмары менен корголгон. 25 миң чарчы метрлик аянтта ок-дары сакталчу жай, кампа, суудагы каражаттарды оңдоп-түзөөчү жайлар курулган.

Тоннелдерди долбоорлоо жана курууга, ошондой эле заманбап жабдыктар менен жабдууга 500 миллион доллардан ашуун сарпталды. Салыштырсак, 1961-жылы катарга кошулган, дүйнөдөгү алгачкы атомдук USS Enterprise авиаташуучунун наркы 450 миллионду түзгөн.

Арктикага жакындап…

Түндүк флоттун мурдагы командачысы адмирал Вячеслав Поповдун пикиринде, жаңыртылган Олавсверн базасы РФ үчүн НАТО тараптан келген дагы бир олуттуу коркунуч болот.

"Seawolf муз алдында сүзүүгө жакшы ыңгайлаштырылган, — деп белгилейт адмирал. — Америкалыктар аларды аракеттер аймагына жакындатуу далалатында. Алар биздин чек арага жана атомдук муз жаргычтарыбыз менен биз лидерлик кылып турган Арктикага улам жакындоого умтулуп жатышат. Албетте, Түндүк флот Олавсвернге да көз салат, бул үчүн тийиштүү күч жана каражаттар бар".

Ошону менен бирге эле, серепчилер белгилегендей, америкалыктар кыйынчылыктарга да тушугушу мүмкүн. Анткени юридикалык база ушул тапта жеке жакка таандык.

"Абрамстарды" жеткиришти. АКШ Беларусь чек арасында эмне баштоодо?

2000-жылдардын аягында аналитиктер россиялык флот НАТОго коркунуч туудурбайт деп эсептеп, ал эми Олавсвернди кармап туруу кымбат деп санаган. Норвегия өкмөтү базаны дароо сатыкка койгон.

2011-жылы Олавсвернди 4,5 миллион долларга норвегиялык бизнесмен сатып алган. Ал комплексти ижарага берген. Россиялык компаниялардын да аны ижаралаган учурлары болгон. Ал жакка "Академик Немчинов" жана "Академик Шатский" илим изилдөө кемелери көп сүзүп кирген.

Келишимден кийин норвегиялык аскер жетекчилери өлкө бийлигин сынга алган. Вице-адмирал Эйнар Скорген объекттин сатылышын "таптакыр акылга сыйбаган жорук" деп атаган.

"Биз маанилүү плацдармыбыздан ажырадык, субмариналар жүздөгөн кошумча милди сүзүп өтүүгө аргасыз кылдык. Россия менен Баренц деңизинде жалпы чек арабыз бар. Биздин аскердик-деңиз флот Арктикада деңиз базасында жайгашууга тийиш", — деп билдирет Скорген.

Кош стандарттар

Он жылдан кийин НАТОдогулар өз катачылыгын аңдашты. Норвегиялык NRK телеканалы маалымдагандай, Пентагондун жогорку кызматтагы аскердик чиндери соңку апталарда Олавсвернге бир нече ирет катташты. Ал эми Норвегиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн, АКШ жана НАТОдогу союздаштарынын куралдуу күчтөрүнө кайрадан базаны өз багыты боюнча пайдаланууга мүмкүндүк бере турган келишимди жактырган.

"Жакында эле Баренц деңизинде мейкиндикти бөлүү жөнүндө биз менен келишим түзгөнү менен Норвегия жетекчилиги Россияга карата достукка жатпаган мамиле кылууда, — дейт жалпы россиялык Флотту колдоо кыймылынын төрагасы, I рангдагы капитан Михаил Ненашев. — Биз аймактагы коңшулук жана кызматташтык саясатынан улам, Норвегия өзүн талапка ылайык алып жүрөт деген ойдо ушундай кадамга барганбыз. Бирок вашингтондук "обкомунан" келген улуу жолдошторунун шыкагы менен Норвегия, тескерисинче, Түндүк Атлантика жана Түндүк Муз океанындагы Россияга карата агрессиясын улам жогорулатууда".

Ошону менен бирге эле эксперттин пикири боюнча, аскерий көз караштан Олавсверн АКШ менен НАТОнун позициясын түндүк мейкиндикте анчалык деле күчтөндүрбөйт, анткени, базанын координаттары жана мүмкүнчүлүктөрү эбак эч кимге жашыруун эмес. Коркунуч маалында аны суу түбүндөгү кайыктар, учактар жана суу алдындагы киши башкарбаган аппараттардын жардамы менен миналарды тез эле бөгөттөп коюуга болот.

КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео

Жер алдындагы лабиринттер

Олавсверн – жер алдындагы уникалдуу база. Кансыз согуш жылдары мындай ондогон объектилер тургузулган. Эң ири базаны өткөн кылымда шведдер курушкан. Мускё аскердик-деңиз базасы граниттик аскада оюлуп жасалган. Негизи ал – Стокгольмдогу архипелагдын түштүгүндөгү өзүнчө бир арал. Кеме жана суу түбүндөгү кайык казарма, оңдоп-түзөөчү жай, кампа жана госпиталды кабыл алуу үчүн үч док менен жабдылган.

База массалык ракеталык сокку же ал түгүл өзөктүк бомбалоо маалында миңге чукул аскер кызматкерин батыра алат. Материктен объектке чейин үч чакырымдык тоннель деңиз түбү менен алып барат. 2000-жылдары иши токтотулган, бирок 2019-жылы Швециянын Аскердик-деңиз күчтөрү базага штаб-квартираны которушкан. Ал жакта жүз чакты аскер кызматкери жана "Висбю" тибиндеги беш корвет жайгаштырылат.

Россия туурасында айта турган болсок, жер алдындагы ири купуя база Крымда. Таврос тоосуна жакыны Балаклав бухтасына жакын: суу алдындагы кайыктарды жашыруу жана оңдоп-түзөө үчүн, торпеда жана ракеталардын атомдук ок-дарысын сактоочу кампа үчүн эки объект бекитилген.

Өзөктүк согуш маалында жер алдында үч миңдин тегерегиндеги киши үч ай кыйла жакшы шартта жашай алат, улам отун, азык-түлүк жана суу кору толукталып турат.

"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?

СССР ыдырагандан кийин база Украинага тийген. Ал жана дагы бир топ башка объектилер кароосуз калып, талоонго кабылган. Түстүү металл "аңчылары" жабдууларды тоноп кетишкен.

Эки миңинчи жылдары Балаклавада музей уюштурулуп, туристтерге ремонттук заводдун жер алдындагы бөлүгү, арсенал, жабдыктары жана бир нече имарат көрсөтүлөт. Эксперттердин баасы боюнча, зарыл учурда базаны кайра жабдып, катарга кайтарууга болот. Бирок суу түбүндөгү заманбап кайыктардын көлөмүнөн улам база аларды кабылдай албайт.

154
Белгилер:
торпеда, бункер, субмарина, объект, курал, АКШ
Тема боюнча
Түркия жаңы аскер техникасын "Тулпар" деп атады. Видео
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. Архив

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россияга барды

175
(жаңыланган 14:26 22.10.2020)
Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен билдиришти.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу

175
Белгилер:
Сергей Лавров, жолугушуу, Руслан Казакбаев, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Россия биздин ишенимдүү өнөктөш. Садыр Жапаров элчи менен жолукту
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

29
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

29
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды