Лавров ЕБдин Россияга киргизген санкцияларына АКШнын катыштыгын айтты

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык дипломат европалыктардын орустарга киргизген санкциясында АКШга таасирленүү эле эмес, кадимкидей басым бар экендигин кеп кылган.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Европа биримдиги АКШнын тике басымынан улам дипломатиялык аракеттерди санкцияга алмаштыруу жолу менен бара жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.

"Билесиздерби, Европа биримдиги дипломатиялык искусствону санкцияга алмаштыруу ыкмасына улам тереңдеп кирип бара жаткандыгын көрүп турабыз. Бул жерде АКШнын терс адаты жугуштуу болду", — деген Лавров италиялык кесиптеши Луиджи ди Майо менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин берген маалымат жыйында.

БУУнун Баш катчысы Слуцкийдин санкцияларды токтотуу чакырыгын колдоду

Дипломат бул жерде өнөкөт адатты көрүп, ага таасирленүү эле эмес, түздөн-түз жасалган басым бар экендигине токтолгон.

"Муну америкалыктардын өрнөгү катары эле эмес, АКШ тарабынан европалык союздаштары менен кесиптештерине жасалган тике басымдын жыйынтыгы деп билебиз", — деген Лавров.

Аталган маселе боюнча Европа акыркы мезгилде санкцияларды кылчактап, океандын ары жагына карап анан киргизип жаткан учурлар кездешип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0