Офисти дезинфекциялоо. Архив

Вирустар толуп калат. Кеңседеги эң кооптуу буюм аталды

225
(жаңыланган 09:39 16.10.2020)
Дарыгердин айтымында, компьютерге отурардан мурда жана иштеп бүткөндөн кийин колду таза жууш керек. Анткени абада калкып жүргөн вирустар клавиатурага түшө берет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Компьютердин клавиатурасына микробдор толо бергендиктен, ал кеңседе вирус таратуучу эң кооптуу буюм болуп эсептелет. Бул тууралуу россиялык инфекционист Ирина Шилкина кабарлаганын "Известия" басылмасы жазып чыкты.

"Компьютердин клавиатурасы — бул оору жайылтуучу буюм. Айрыкча, кеңседе өтө кооптуу. Себеби аны тазалоо кыйын. Мындан улам клавиатуранын кнопкаларында бактерия, вирус, коронавирус дагы топтоло берет", — деди Шилкина.

Анын айтымында, компьютерге отурардан мурда жана иштеп бүткөндөн кийин колду таза жууш керек. Антпесе абада калкып жүргөн вирустар клавиатурага түшө берет.

Вирусолог: пандемияны биринчи, экинчи толкун деп бөлүүнүн кажети жок

Шилкина колду жөн эле жууп койбостон бир жарым мүнөткө чейин өз эрежеси менен жууп-тазалоо керектигин белгилеп өткөн.

225
Белгилер:
эреже, тазалык, вирус, буюм, кеңсе
Тема боюнча
Исмаилова: COVID-19га каршы үч айга жете тургандай дары даярдалууда
Учак. Архив

Кыргызстандан Россияга кантип кетсе болот? Эрежелер

25
(жаңыланган 16:43 25.10.2020)
Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. "Аэрофлот" жана "Авиатрафик" авиакомпанияларынын учактары жумасына бир ирет Россияга каттап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган авиакомпаниялар аркылуу кыргызстандык каалоочулардын бардыгы Россияга бара алат.

Аталган өлкөгө баруунун дагы бир жолу — атайын уюштурулуп жаткан чартердик каттамдар. Алар менен төмөндөгүдөй кырдаалда кетсе болот:

  • Россиянын жараны болгон жакын тууганы (аялы/күйөөсү, балдары, ата-энеси) болсо;
  • медициналык кызматка муктаж болуп жатса (кабыл алуучу тараптын чакыруусу керек);
  • кандайдыр бир мамлекеттик программага катышып жатса;
  • Россияда туруктуу жашоого уруксаты болсо.

Казакстанга кирип-чыгуунун жол-жобосу

Сүйлөшүлгөн тартипке ылайык, Россияга бара жатканда кыргызстандыктардын колунда ПЦР-тесттин "ооруган эмес" деген жыйынтыгы болушу шарт. Ал аталган мамлекетке учканга үч күн калганда жасалышы керек.

25
Белгилер:
жол эрежеси, чек ара, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө кантип чыга алат. Жаңы эрежелер
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

331
(жаңыланган 13:34 25.10.2020)
Эки жыл мурда ирландиялык мушкер россиялык Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор ага көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 254 турниринин алкагындагы Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин кармашын мыкты деп атады.

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

​"Мыкты кармаш. Мен сенин ишиңди улантам. Дагы бир ирет атаңа сый-урматымды билдирип, жакындарыңа жана сага көңүл айтам", — деп жазган Макгрегор Twitter баракчасына.

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

Эске салсак, 2018-жылы ирландиялык мушкер Нурмагомедовго утулуп калган. Анда дагы россиялык спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошондон бери Макгрегор ага социалдык тармактан көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

Хабиб бел курун сактап калгандан кийин бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Бул убаданы апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

331
Белгилер:
беттешүү, Конор Макгрегор, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

171
(жаңыланган 16:45 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом — бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

171
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек