Дүйнөлүк уюм коронавирусту дарылоодо пайдасы жок дарыларды атады

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүДүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун офиси. Архив
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун офиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү ДССУ терапиялык дарылар жана алардын COVID-19га каршы күрөшүүдөгү пайдасы боюнча жүргүзүлгөн алты айлык изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Ремдесивир, гидроксилхлорохин, лопинавир, ритонавир жана интерферон менен бириктирилген дарынын түрлөрү COVID-19га кабылгандарды дарылоо, анын кесепетинен келип чыккан өлүмдү азайтууда майнапсыз болуп чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо (ДССУ) уюмунун расмий өкүлү Тарик Язаревич айткандыгын РИА Новости жазды.

Мындай жыйынтыкка ДССУ дарыларга жүргүзүлгөн алты айлык изилдөөнүн негизинде келген.

"ДССУ терапиялык дарыларды тесттен өтүү боюнча иликтөө жүргүзгөн. Алдын ала берилген бүтүмдө, ремдесивир, гидроксилхлорохин, лопинавир, ритонавир, интерферон COVID-19 жуктуруп алгандарды дарылоодо жана өлүмдү азайтууда жардамы өтө аз экени аныкталды, ал тургай жардам болгон деле эмес", — деген Язаревич.

Америка жана кытайлык медиктер COVID-19га каршы нукура дары тапты

Жума күнү жүргүзүлгөн алты айлык изилдөөнүн жыйынтыгын эксперттер жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0