"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТоолу Карабахтагы Мартакерт шаары
Тоолу Карабахтагы Мартакерт шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу Карабахтын аймагына россиянын аскердик байкоочуларынын кириши керектигин, бирок бул боюча соңку чечимди тирешкен тараптар кабыл алууга тийиштигин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Тынчтык орнотуучу вазыйпа кандай кыйынчылыктарга кабылышы мүмкүн жана 1990-жылдары жаңжалды токтотууга эмне аракет жасалгандыгы туурасында кеңири токтолгон кесиптешибиз Антон Лисицын жазган макала РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Жооп боло элек

"Көгүш каскалар" жөнүндө айтардан мурда эң оболу Азербайжан менен Армения макулдашууга тийиш. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков: "Тынчтык орнотуучулар болобу, байкоочуларбы, айтор, ким болсо да эки тараптын макулдугу менен гана жайгаша алат. Азырынча жооп уга элекпиз", — деп белгилеген.

14-октябрда Азербайжандын президенти Илхам Алиев түркиялык Haber Turk каналына берген маегинде, алардын макулдугусуз эч кандай аракеттер болбостугун айткан.

"Эгер тараптардын бири вето койсо, анда бул мүмкүн эмес. Экинчи жагдай — ким гана болбосун, кеп эгемен азербайжан аймагы туурасында болуп жатканын түшүнүүгө абзел. Биздин макулдугубуз болбостон, эч ким эч кимди жөнөтө албайт. Бул эл аралык укуктун бузулушу", – деген президент Алиев.

Азербайжандык лидер байкоочулардын киргизилиши тынчтык жолу менен жөнгө салуунун негизги принциптери менен каралгандыгын эскерткен.

"Бирок бул эң акыркы пункт. Олуттуу жылыш болбогондуктан маселе азырынча талкууланууда", — деген кошумчалай.

Лавров Карабахтагы абалды турукташтыруучу шарттарды атады

Түркияны сүйлөшүүлөргө тартуу зарыл деген ойдо Алиев ЕККУнун Минск тобунун натыйжалуулугунан шектенет. Эске салсак, ушул топ 1992-жылдан бери Карабах жаңжалын жөнгө салуу менен алектенип келет. Ага Россия, Франция жана АКШ тең төрагалык кылып, Армения менен Азербайжандан тышкары, Беларусь, Германия, Италия, Швеция, Финляндия жана Түркия мүчө болуп кирген.

"Бул топто регионго чыга албаган жана эч кандай таасир эте албаган өлкөлөр бар. Эгер жаңжалды чечкибиз келсе, чындап элдештире алууга жөндөмдүү мамлекеттер зарыл. Албетте, бул вазийпада биз Түркияны көрүп турабыз", — деген Алиев.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян россиялык тынчтык орнотуучулар вариантын караган оң деген пикирди карманат.

"Бирок мындай маселелерди ЕККУнун Минск тобунун алкагында кеңири контекстте сүйлөшүү керек", — деген армян лидери Al Jazeera каналына берген маегинде.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зась ЖККУнун туруктуу кеңеши Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндан жана тышкы иштер министри Зограб Мнацаканяндан Тоолуу Карабахтагы кырдаал боюнча кайрылуу алганын маалымдайт.

"Аймакта тынчтык орнотуучулук вазыйпа тууралуу кызуу талкууланып жатат", — деп белгилейт Зась.

"Биз ЕККУнун Минск тобуна кирген өлкөлөрдүн аларга ыйгарылган ыйгарым укуктар алкагында гана катышуусун кубаттайбыз", – деп тактап өттү.

Тогузунчу октябрда Армения жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Зограб Мнацаканян жана Жейхун Байрамов Сергей Лавровдун ортомчулугу менен Москвада элдешүү боюнча макулдашкан. Эртеси түштөн тарта ок атууну токтотуу болжонгон. Бирок согуштук аракеттер кайра жанданды.

"Капканга түштү". Карабахтагы кагылышуу эмнеге басылбай жатат

Көз караштар эки ача

Россиялык кавказ таануучу адис, саясий илимдердин кандидаты Артур Атаев тынчтык орнотуучуларды күткөн татаалдыктар туурасында айтып берди.

"Географиялык жактан аймак оңой-олтоң эмес. Азырынча кайсы жерден чектешүү сызыгын өткөрүү жөнүндө түшүнүк жок. Бир тарап Тоолуу Карабах жана жанындагы жети район жарыяланбаган Тоолуу Карабах Республикасына таандык деген ойдо. Экинчи тарап Карабах өзү да, тегерегиндеги жер да Азербайжандын жери деп санайт. Көз караштар таптакыр эки ача", — дейт ал.

Саясат таануучунун айтымында, согуштук аракеттер жүрүп жатканда тынчтык орнотуу вазыйпасын олуттуу талкуулоого объективдүү шарт жок.

"Ал эми дагы ырбатууга шарт бар. Жаңжал аймагында кандай гана макулдашуу болбосун аны үзгүлтүккө учурата турган паралимитардык түзүмдөр иштеп жатканы айдан ачык.

Кавказга Жакынкы Чыгыштан согушкерлер жеткирилгени туурасында Россиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкин да айткан. Тегин жерден мындай билдирүүлөр айтылбайт", — деп белгилейт Атаев.

Бир тараптан, Россиянын Кавказда – Түштүк Осетия жана Абхазияда тынчтык орнотуучу күчтөрдү түзүүдө тажрыйбасы бар. Ал жакта тирешкен тараптар кандайдыр диалогго келе алышканы да көмөкчү болгон. Бирок грузиндик армиянын Цхинвалдагы россиялык байкоочуларга кол салышы, тараптарды ажыратуу демилгеси көбүнесе үчүнчү күчтөр тарабынан ойрондолгон.

"Мындай милдеттерди аткарган аскер кызматкерлери кырдаал кандай нукка бурулса да сүйлөшүүгө чыгууга машыгышкан. Түштүк Осетия жана Абхазияда ок чыгаруу, байланышсыз аймак жана башка жагдайлар боюнча келишимдер бар эле. Бирок далыга урулган соккудан россиялык 68 жоокер жана офицерлер шейит болгон. Андыктан Москвадан баарын кылдат салмактаган соң гана жооп кайтарылат", — деген оюнан бөлүшөт эксперт.

Мүмкүн болчу жол — тараптарды ажыратууга ЖККУнун күчтөрүнүн катышы.

"Бул аталган уюмдун өсүшүнө да өбөлгө болмок", — деп боолголойт Атаев.

1980-жылдары жана 1990-жылдардын башында аймактагы араздашкан тараптар Советтик армиянын жана СССР ИИМ ички күчтөрүнүн бөлүктөрүн киргизишкен. Бирок аларды баары эле тынчтык орнотуучу катары тегиз кабылдашкан эмес, армяндар да, азербайжандыктар да аскерлерди душман тарапка жардам берип жатат деп тилдешкен.

Тоолуу Карабах: дүйнө бул чатакка кандай карап, ким отко май чачып жатат. Видео

Сергей Шатько Тоолуу Карабах автономдук облусунда өкмөттүк байланыш полкунун бөлүгүндө кызмат өтөгөн. Өзүн согуштук аракеттердин ардагеримин деп атабайт, анткени Карабахта тапшырма аткарган аскер кызматкерлеринин андай макамы жок.

Ал ошол жылдардагы "тынчтык орнотуучулардын" түшүнүксүз укуктук жоболору менен 1990-жылдардагы чиеленишкен саясий кырдаалды салыштырат.

"Касташкан тараптарга биз мекендештерибиздей мамиле кылганбыз. Аларды элдештирип, зомбулуктан коргоого тийиш элек. Сумгаитидеги СССР ИИМинин алдындагы окуу жайдын курсанттарынан бириктирилген батальонунун офицери айткандай, "Кыйроолор болуп жатат, адамдарды өлтүрүшүүдө. Биздин милдет — советтик бийлик бул жерде болгонун жана болорун көрсөтүүгө тийишпиз". Бирок эч майнап болгон эмес. Ошол убакта борбордогулар кырдаалды кантип жөнгө салууну түшүнө беришкен эмес өңдөнөт. Ар кыл адамдар болгон, туура ой жүгүртө билгендер арбын эле, бирок аркабыздан айыптагандар да кездешкен. Аларга тынчтык эмес, бири-бирин атууга биздин автоматтар зарыл эле", — деп эскерет Шатько.

Степанакерттен акыркы аскердик бөлүктөр 1992-жылдын жазында чыгышкан. Иш жүзүндө тараптар согуштук аракеттерди жүргүзүп жатышкан. Ошол үчүн эбак ыдыраган өлкөнүн армиясынын бөлүктөрүн чыгарып кетүү үчүн аскердик операция уюштурулган.

"Тигил же бул жактын саясатчылары тынчтыкка умтулмак тургай, бийликке ашыгышкан. Согуштун эпкини менен бийликке улутчулдар келген. Алардын тек каалаганы — өз шарттарында жеңишке жетишүү. Башка көздөгөндөрү жок эле. Карабахтан мурдагы Советтик армиянын бөлүктөрү, ИИМ ички күчтөрү чыгып кетип, баары кыйраган. Эч ким душмандашкан жактарды ажыратууга эч ким аракет кылган эмес. Кызыл туу Закавказьелик аскердик округунун мүлкүн бөлүштүргөн соң эки жак тең курал жана техникага ээ болгон. Согуштун масштабы кеңейген", — деп айтып берген Шатько.

Путин, Трамп жана Макрон Карабах боюнча билдирүү даярдашты

Ички кызматтын генерал-майору Владимир Ворожцов 1990-жылдардын башында

Закавказьеде кызматтык иш сапарлар менен болгон. Аскердеги жолдоштору кайда милдет аткарганына жараша бир туруп "Армениянын баатырларында", кээде "Азербайжан баатырларында" жүрүшкөнүн кейий эскерет.

"Армениялык же азербайжандык аймакта жүргөн аскерлер жергиликтүү калктын маанайына таасирленип, өздөрүн да жаңжалдашкан тараптан деп эсептеп алышчу. Ушундан улам Советтик армия тигил же бул жакты колдогон деген айыптоолор чыккан. Бирок негизинен жоокерлер жай тургундарды коргошкон. Айрымдар бул милдет үчүн өз жанын беришкен", — деп моюнга алат генерал-майор.

Ворожцовдун айтымында, тынчтык орнотуу вазыйпасы үчүн Россиянын тажрыйбасы да, кадрлары да бар.

"Технологиялар иштелген. Эң натыйжалуу, бирок аткарууга татаал нерсе — жалпы кайгуул: араздашкан жактардын аскерлери жана ортомчу чектешкен чийиндерди текшерет. Биринчиден, адамдардын байланышы, экинчиден, өздөрүнө ок чыгарышпайт", — деген ал.

Ворожцовдун пикиринде, ким тынчтык орнотору жергиликтүү жашоочулардын мамилесинен гана көз каранды болбойт.

"Ишенимге аракет менен ээ болот. Бирок негизги шарт — каршылашкан тараптардын дал ушул аскерлердин келишине макулдугу", — дейт генерал.

Ал эми бул – нагыз саясий маселе. Контингентти милдеттери анык болгондо гана аны киргизүүнүн кажети бар. Муну Бакудагылар да, Еревандагылар да, Москвадагылар да түшүнүп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0