COVID-19дан көз жумуу тобокелдигин алты эсе арттырган факторлор аталды. Изилдөө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы медицина кызматкери. Архив
Ооруканадагы медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар чычкандарды эки топко бөлүп, аларга грипп жана коронавирус инфекцияларын жуктуруп алып изилдөө жүргүзүп көрүшкөн.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Грипптин артынан эле COVID-19 менен ооруган кишинин каза болуп калуу тобокелдиги алты эсе жогору болот деген пикирди Ливерпуль университетинин окумуштуулары айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта адистердин чычкандарга тажрыйба жасаганы баяндалган. Алар аталган жаныбарлардын биринчи тобуна коронавирус, экинчи тобуна COVID-19 жана грипп жуктуруп, сыноо жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгында коронавирус жана сасык тумоо болгон чычкандардын тобунда оору беркилерге караганда оор өткөн.

Окумуштуулар коронавируска кабылуу коркунучун 5 эсе азайткан ыкма табышты

"Грипп жуктурган чычкандарда коронавирус улам кайталанып, катуу кабылдап кеткен реакция жүргөн. Бул адамдардагы COVID-19дун оор түрү", — деген изилдөөнүн авторлорунун бири Жеймс Стюарт.

Мында биринчи топтогу (коронавирус менен эле ооругандарга) чычкандарга караганда экинчилеринде оорудан болгон өлүм алты эсеге көп кездешкен.

Окумуштуулардын жыйынтыгына караганда, организмдеги бир нече патогендер алардын атаандашына алып келип, бул адамдын саламаттыгына өзүнүн терс таасирин тийгизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0