БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Мичигандагы шайлоо алдындагы митингде француз кесиптеши Эммануэль Макронду премьер-министр деп салды. Бул тууралуу РИА Новости жергиликтүү медиа каражаттарга таянуу менен жазды.
Трамп АКШнын климат боюнча Париж келишиминен чыга турганы жөнүндө айтып жатып Макронду сөз кылган.
Трамптан так талашкан Байден аны "Путиндин күчүгү" деп ачуусуна тийди
"Мен премьер-министр Макронду абдан сыйлайм. Бир ирет келишим эмне болуп жатканын сурадым. Бул багытта иш анча жүрбөй жатыптыр", — деген Трамптын сөзүн France24 телеканалы келтирген.
Буга чейин Трамп Түндүк Каролинада тарапкерлери менен баарлашып жатып, дүйнөдө популярдуулугу боюнча Иисус Христостон кийин экинчи орунда турарын билдиргени айтылат.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш экени маалым.
Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.
Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү мекенинде мамлекеттик издөө жарыяланган жарандарды колго түшүрүү боюнча көрүлгөн аракеттердин негизинде РФтин аймагында жашынган үч шектүүнү кармады.
Ага ылайык, 2011-жылы 1990-жылкы Э.О. эки шериги менен Сокулук районундагы үйлөрдүн бирине кирип үй ээлерин сабап туруп 100 миң сомун алып кеткен. 2012-жылы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
Мындан сырткары, 2020-жылдан бери балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн Талас райондук ички иштер бөлүмү тарабынан изделип жаткан 1979-жылкы М.Э. дагы кармалган.
Учурда шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.