Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГоспиталь для больных коронавирусом в Техасе
Госпиталь для больных коронавирусом в Техасе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптар сырттагы тоскоолдуктарсыз эле кулагы тунуп, зыңылдаган үн угулуп жатканын айткан. Айрымдары айыккандан кийин дагы жакшы укпай калган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кулактын угуусунун начарлашы коронавирус инфекциясынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу Express Лондондогу университеттик колледждин жана падышалык улуттук комитеттин окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Макалада белгиленгендей, COVID-19 диагнозу коюлган бир нече бейтап сырттагы тоскоолдуктарсыз эле кулагы тунуп, зыңылдаган үн угулуп жатканын айткан. Ошондой эле коронавирусту оор көтөргөндөрдүн арасында кийин дагы жакшы укпай калгандар болгон.

COVID-19дан көз жумуу тобокелдигин алты эсе арттырган факторлор аталды. Изилдөө

Буга байланыштуу окумуштуулар дарыгерлерди бейтаптардын угуусунда болгон өзгөрүүлөргө көңүл бурууга чакырган.

Ошол эле учурда адистер кулактагы үндөр башка илдеттерден дагы болушу мүмкүндүгүн эскертип, коронавирус ушундай дагы симптом менен коштолсо тынчсыздануу жөндүү экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0