2-ноябрда Жерге астероид түшүшү ыктымал

© Фото / Pixabay / Родион ЖуравлёвАстероид. Архив
Астероид. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Астрофизиктин айтымында, биздин планетага келе жаткан таш олуттуу зыян алып келгидей көлөмдө эмес.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. 2-ноябрда Жерге муздаткычтын көлөмүндөй болгон астероид түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын астрофизиги Нил Деграсс Тайсон Instagram баракчасы аркылуу билдирди.

"Көлөмү муздаткычтай болгон 2018VP1 деп аталган астероид, тагыраагы, космос ташы бизге саатына 40,2 миң чакырым ылдамдык менен келе жатат. Ал Жерге 2-ноябрда, АКШдагы президенттик шайлоого бир күн калганда, түшүшү мүмкүн", — деп жазган Деграсс Тайсон.

Астрофизиктин айтымында, биздин планетага келе жаткан таш олуттуу зыян алып келгидей көлөмдө эмес.

"Эгер 2020-жылы акыр заман болсо, ага астероид себепкер болбойт", — деген ал.

Буга чейин NASA окумуштуулары космос ташы Жер планетасынан 384 миң чакырым алыс өтө турганын айтышкан.

АКШ космоско алгачкы ажатканасын орнотууну пландап жатат

Астероид 2018-жылдын 3-ноябрында Калифорния штатындагы (АКШ) Паломар обсервациясында ачылган. Ал "Аполлон" тобуна кирет, тагыраагы, анын учуу жолу Жердин орбитасы аркылуу өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0