РФ элчилиги АКШдагы россиялыктардын айыпталышы боюнча үн катты

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүХакердик чабуул жасап жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Хакердик чабуул жасап жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин АКШнын Юстиция министрлиги менен Федералдык иликтөө бюросу башка өлкөлөрдүн инфраструктурасын талкалоого багытталган делген зыяндуу программаны таратуу боюнча алты россиялыкка айып таккан.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Россиянын Вашингтондогу элчилиги АКШнын орус жарандарына карата хакердик жана дүйнөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча айыптоолорун четке какты. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүккө шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин АКШнын Юстиция министрлиги менен Федералдык иликтөө бюросу башка өлкөлөрдүн инфраструктурасын талкалоого багытталган делген зыяндуу программаны таратуу боюнча алты россиялыкка айып таккан.

"Кан төгүп жатышат". Карабахта россиялык тынчтык орнотуучуларды ким күтөт?

Алар 2017-жылы тараган NotPetya вирусу, ошондой эле Түштүк Кореядагы Олимпиада учурундагы кибер чабуулга айыпталып жатат. Мындан тышкары, алар Башкы чалгындоо башкармалыгынын кызматкерлери деп шектелүүдө. Ошол эле учурда Улуу Британия Россиянын чалгынчылары тараптан Токиодогу Олимпиадага (ал жылдырылганга чейин — ред.) кибер чабуул даярдалганын айтып чыкты.

"Бул айтылып жаткандын бардыгы эч бир жагынан чындыкка туура келбеси айдан ачык болуп турат. Бир гана Россияга каршы иштеген Америка коомуна жем таштоонун амалы. Мындай нерсе бир нече жылдан бери Вашингтондун саясий жашоосунун өзгөчөлүгү болуп калды. АКШ бийлиги Россия-Америка мамилесин ого бетер талкалап, өз элине Россия тууралуу туура эмес түшүнүктү таңуулап жатышат", — деп айтышты элчиликтен.

"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?

Маектештин агенттикке билдиргенине караганда, Россия эч качан бүткүл дүйнөгө бүлүк салчу операцияларды пландаган эмес жана пландабайт дагы.

"Бул биздин тышкы саясатыбызга, улуттук кызыкчылыктарыбызга туура келбейт. Мамлекеттер арасындагы мамилелер мындай негизде түзүлбөшү керек. Россия башка мамлекеттердин эгемендүүлүгүн сыйлайт жана ички иштерине кийлигишпейт", — деди маектеш.

Маалыматка караганда, АКШ менен Улуу Британиянын россиялык хакерлерди Токио Олимпиадасы учурундагы чабуулдарга айыптап жатканы негизсиз жана ички аудиторияга гана багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0