"Жок дегенде аракет кылып көрүш керек". СНВ-3 макулдашуусун узартуу боюнча пикир

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРС-24 "Ярс" комплекси. Архив
РС-24 Ярс комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. Анын мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында соңуна чыгат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кремль Вашингтон менен стратегиялык туруктуулук боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын белгилеп, СНВ-3 (стратегиялык чабуул куралы) боюнча АКШнын билдирүүсүнө комментарий берди. Sputnik радиосуна маек курган америкачы Константин Блохин сүйлөшүүлөр үчүн кайсы тарап ыңгайлуу экенине токтолгон.

Москва АКШ Владимир Путиндин СНВ-3 макулдашуусун дагы бир жылга узартуу сунушун четке какканына карабай Вашингтон менен стратегиялык туруктуулук боюнча байланыштар уланат деп ишеним артып жатканын президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"

"Биз америкалык тарап менен кандай болгон күндө да сүйлөшүүлөр уланат деп ишенебиз. Албетте, президент айткандай, макулдашуунун мөөнөтүн узартуу куралга көзөмөл кылуу боюнча олуттуу сүйлөшүүлөргө убакыт бермек", — деди Песков.

Ал ошондой эле мындй аракеттер оңунан чыкпаса жалпы дүйнөлүк коопсуздук үчүн кесепети оор болорун кошумчалады.

"Андыктан биз америкалык өнөктөштөрдүн документтин мөөнөтүн узартууга даяр экенин уккубуз келет", — деди Песков.

Анын айтымында, азырынча жылыш байкалбайт. Бирок бул байланышты таптакыр токтотуп коюу керек дегенди түшүндүрбөйт.

Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын илимдер академиясынын Коопсуздук көйгөйлөрүн иликтөө борборунун илимий кызматкери, америкачы, саясат таануучу Константин Блохин сүйлөшүүнүн тагдыры АКШда болчу президенттик шайлоодон ким жеңип чыгарынан көз каранды экенин белгиледи.

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

"Республикаылк партиянын өкүлү Дональд Трамп биринчиден Кытайды жек көрөт, СНВ-3тү дагы Пекин менен байланыштырып келет. Экинчиден, Республикалык партия куралданууга көзөмөлдү жокко чыгарууга аракет жасайт. Кичүү Жорж Буштун убагында америкалыктар ПРО боюнча макулдашуудан чыгып кеткен, Трамп өзү орто жана кыска ыраактыктагы ракеталар боюнча, мындан тышкары, Ачык асман боюнча макулдашуулардан чыкканын унутпайлы. Эгер шайлоодо Трамп жеңсе, СНВ-3 макулдашуусунан да чыгуу ыктымалдуулугу жогорулайт", — деди Блохин.

Эгер шайлоодо демократ Жо Байден утуп кетсе, документтин мөөнөтү узарышы мүмкүн.

"Салтка айланып калгандай, Демократиялык партия стратегиялык туруктуулук боюнча орустар менен макулдашып алууга ыктайт. Барак Обаманын администрациясы Дмитрий Медведев менен азыркы макулдашуунун мөөнөтүн узарткан. Бирок ким жеңерине карабастан бир нече ай ичинде жаңы келишим түзүү мүмкүн эмес. Андыктан бир жылда жаңы макулдашууга жетишүү үчүн учурда колдо бар документти узартууга аракет кылыш керек", — деди Блохин.

СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. Анын мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында соңуна чыгат, эгер узартылбаса, ири өзөктүк державаларды тизгиндеп турган нерсе калбай калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0