Эксперт геолокацияны кимдерге билдирбеш керектигин айтты

© Фото / Pixabay/ terimakasih0Использование смартфонов в повседневной жизни
Использование смартфонов в повседневной жизни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юристтин билдиришинче, геолокацияны көзөмөлдөтпөш үчүн гаджеттеги GPS кызматын зарыл учурда гана күйгүзүп, камеранын жөндөөлөрүндөгү бардык геобелгилерди өчүрүп салган оң.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Адвокат Элеонора Абеле геолокацияны кимдерге билдирбеш керектигин айтып берди. Анын кеңешин "Прайм" агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.

Юристтин айтымында, геолокацияны көзөмөлдөөнүн себеби негизинен коммерциялык жана жеке мүнөздө болот. Тагыраагы, аны мобилдик тиркемелерди орнотуу убагында өзүңүз уруксат берген ар кандай компаниялар жүргүзө алышат. Бирок агенттиктин маектешинин айтымында, чет элдиктер да көзөмөлдү расмий Google тиркемелери аркылуу кыла алышат.

Адис уюлдук телефонго жакындарды "ата", "апа" деп сактабаш керектигин айтты

"Геолокацияны көзөмөлдөтпөш үчүн гаджеттеги GPS кызматын зарыл учурда гана күйгүзүп, камеранын жөндөөлөрүндөгү бардык геобелгилерди өчүрүп салган оң. Себеби тиркемелерди орнотуп жатканда жайгашкан жерди аныктоого макул кылдырткан сунуштар көп болот", — деген Абеле.

Бирок адис жайгашкан жерди көзөмөлдөө кээде пайдалуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0