Келерки жылы Түркияда эс алуу кымбатташы мүмкүн. Себеби

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүАнталья шаарындагы деңиз жээги. Архив
Анталья шаарындагы деңиз жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги чет элдик туристтерди кабыл алган мейманканаларга атайын коопсуздук сертификатын алуу талабын коюуда. Буга жергиликтүү бийлик пандемияны жүйөө кылып жатат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 2021-жылы Түркия мамлекетинде эс алуунун баасы кымбатташы мүмкүн. Себебин жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматына таянып РИА Новости агенттиги жазды.

Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги чет элдик туристтерди кабыл алган мейманканаларга атайын коопсуздук сертификатын алуу талабын коюуда. Буга жергиликтүү бийлик пандемияны жүйөө кылып жатат.

"2020-жылы 50дөн ашык бөлмөсү бар мейманканалар гана атайын коопсуздук сертификатын алышы керек эле. Эми көрсөткүч 30га түштү. Бай жана ири мейманканаларга бул сертификатты алуу оңой. Орто заар мейманканалар бардык талапка жооп берүү үчүн каражат коротушу керек. Кийин ал акчаны кардарлардан өндүрүп алат", — деп айтылат кабарда.

Кыргызстанда иштеген туристтик агенттиктердин жарнамаларына караганда, кыргызстандыктардын көпчүлүгү эс алууга дал ушул Түркия, Египет, Бириккен Араб Эмирлиги сыяктуу өлкөлөргө барышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0