Грузияда банкты тоногон киши полициянын автосун айдап качып кетти. Видео

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГрузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирип, андагы 50гө чукул адамды бир күн бою барымтага алган киши
Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирип, андагы 50гө чукул адамды бир күн бою барымтага алган киши - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя кечээ, 21-октябрь күнү, болгон. Банкты тоноого келген киши 50гө чукул кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап кылган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкты тоноого кирип, андагы 50гө чукул адамды бир күн бою барымтада кармап отурган киши полициянын автоунаасын айдап качып кетти. Бул тууралуу Sputnik Грузия агенттиги жазды.

21-октябрь күнү курал жана граната көтөргөн киши ири банктардын биринин филиалына кирген. Ал 50гө чукул кишини барымтага алып, бийликтен 500 миң доллар жана коопсуздук кепилдигин талап кылган. Полиция аны менен күн бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жыйынтыгында тоноочу барымтадагыларды полиция департаментинин жетекчиси Автандил Галдавага алмашууга макул болуп, 43 кишини чыгарып берген.

Бирок түн ичинде ал Галдава жана башка туткундагы үч киши менен сыртка чыгып, полициянын машинасын айдай качкан. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Жергиликтүү ЖМКлар анын колундагы баштыкта талап кылган акча бар экенин жазууда. Бирок ал тууралуу расмий айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0