Беларусь түстүү революцияны жок кылабы? Саресеп

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүАкции протеста оппозиции в Минске
Акции протеста оппозиции в Минске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беларусь оппозициясынын жолу катуу көрүнөт, бул ыргагы менен "Жылдын ийгиликсизи" деген номинациядан деле куру калчудай. Аларга жагдай гана эмес, өз лидерлери да каршы иштеп жаткан шекилдүү.

Александр Лукашенкого Светлана Тихановская тарабынан эки апта мурун коюлган "ультиматумдардын" мөөнөтү ушул жекшембиде аяктайт. Түстүү революциянын толкуну жеткен Беларустагы кырдаалга Ирина Алкснис сереп салган.

Беларустук бийликтин ал талаптарын аткарууга даярдыгынын эч бир белгиси жоктугунан улам дүйшөмбүдөн тарта "Света президенттин" убадаларына ылайык, Беларусь жалпы улуттук көтөрүлүштүн кучагына түшүп, жол тосуу жана мамлекеттик дүкөндөрдөгү сооданын төмөндөшү башталат. Бирок күн өткөн сайын окуялардын мындай өнүгүшү улам таң калычтуу түргө өтүүдө. Мындай кырдаалдан азыраак жоготуулар менен чыгууга баш катырган оппозициянын координациялык кеңешиндегилер да шектене башташты. Алардын мүчөлөрүнүн бири Павел Латушко ультиматумдун мөөнөтү аякташы менен алар активдүүлүктү күчөтөрүн жар салды.

Бийлик кантип алмашты? Соңку окуялардагы урунттуу учурлар

Беларусь оппозициясынын (жана анын чет өлкөлүк кураторлорунун) түстүү революция феноменин масштабдуу жок кылуу убагында бийликти кулатууну уюштурууда жолу болбоду.

Он беш жыл мурун бул феномен көптөгөн өлкөлөрдүн бийлиги үчүн реалдуу коркунуч, ал эми оппозициясы үчүн эргүү болуп турган. Түстүү революциялар тил укпаган жетекчи жана режимдерди алмаштыруу үчүн мыкты жана кубаттуу куралы болуп саналган. Бул түшүнүк бирөөлөрдү моралдык жактан түпкө түшүрсө, башкаларды тез жеңишке жетүүгө ишендирген. Бирок, балким, саясатка тиешеси жок көп адамдар ушундай ыкма менен чындап эле турмушту жакшыртууга ынанышкандыр. Себеби түстүү революция жөн эле мамлекеттик төңкөрүш эмес. Ал бейсаясат, бирок жаркын келечек үчүн бийликтин заматта алмашуусу зарыл деп санаган жарандар жык көчөлөрсүз мүмкүн эмес.

Дал ушул нерсе он жана жүз миңдеген адамдарды Каирдеги Тахрир аянтына жана 2013-жылы Киевдеги Евромайданга чыгышына түрткөн. Айтмакчы, беларустук протесттер да башта элдин жыкжыймалыгы менен мактана алмак. Бирок иш-чаралардын катышуучуларынын саны аптадан аптага азая берет.

Кеп "Лукашенко, кет" деген ураандын жана ал иш-чараларга катышуунун жыйынтыксыздыгынан адамдар чарчаганында эле эмес экен. Туура эмес "улуттук лидерди" кубалоонун керемет күчү жок тура.

"Оңой менен кыйрабайт": Түндүктө америкалыктар бункерге кайтууда

Беларустук окуяларга катар эле дүйнөнүн башка жактарында да кыйла көрүнүктүү процесстер жүрүүдө. Алар республиканын жарандарын үйлөрүндө отуруп акылгөйлүк менен баалоого түртөт. Он беш жылдын ичинде үчүнчү саясий каатчылыкты башынан өткөрүп жаткан Кыргызстан бар. Дал ушул өлкөгө карата "түстүү революция" деген лакап айтылып келет. Көчөдөгү башаламандык, анархия менен коштолгон бардык мамлекеттик төңкөрүштөрдүн негизги корутундусу – кыргыз коому үчүн жакшы нукка өзгөрүүнүн жоктугу.

Армения да бар. Башкаларга салыштырмалуу 2018-жылы өткөн еревандык окуялар баркыт революциясынын үлгүлүү мисалы болду. Демократия, европалык келечек жана жемкорлукка каршы күрөш үчүн көтөрүлгөн калк жадаткан бийликти оодарып, мамлекет башына ишенген инсанын койду. Жаңы лидердин мактанарлык иштери да бар. Украина же ошол эле Кыргызстандагыдай начар жыйынтыктардын жоктугун деле азыркы убакыт боюнча бир топ жетишкендик катары саноого болот. Бирок ушул тапта Армения кайрадан эзелки жана кандуу жаңжалдын чордонунда турса, элдин европалык тандоосу, жеңилген жемкорлор жана прогрессивдүү демократиялык лидердин кажети канчалык?

Азербайжан коңшусунун демократияны издөөсүн өз кызыкчылыгына пайдаланганы Саясаттан оолак адамга да түшүнүктүү. Анын натыйжасына азыр Тоолуу Карабахта күбө болуп турабыз.

Лавров: Беларустагы конституциялык реформаны колдойбуз

"Түстүү революция" термини керемет, жарык, ынтымак өкүм сүргөн, адамдар бири-бирине бир тууган дүйнөгө жетелеп, мамлекет башындагы зыяндуу күчтөрдү алып салса эле өлкө гүлдөгөн бакчага айланып, теребелге шайкеш бакубат жашап калат деген үмүттөргө жетелейт. Бирок Кыргызстан менен Армения — ал ички да, сырткы саясий өңүттө да акыйкатка эч коошпогон жаңылыш ой экенине элестүү эскертүү, айкын далил.

Беларустагы протесттер ырааттуулук менен майнапсыз аяктап барат. Аны менен аталган республика түстүү революция жөнүндөгү жалпы дүйнөлүк мифти жок кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0