БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. WhatsApp мессенджерине жакында гаджеттин ээсинин бетинен тааныган жаңы функция ишке киргизилет. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды.
Маалыматтарга ылайык, Android системасынын колдонмолорунун бета-версияларынын биринин жашыруун кодунда жүздү (бет түзүлүштү) сканерлөө айтылган.
Порталдын маалыматы боюнча, саамалык колдонуучулардын маалыматтарын коргоо үчүн киргизилет. Мындай опция буга чейин Face ID датчиги бар iOS каражаттарынын колдонуучулары үчүн гана жеткиликтүү болгон.
WhatsApp тиркемесине жаңы кызмат кошулат. Пайдасы
Жаңы функция жалпы колдонууга качан чыгары азырынча айтыла элек.
Инсайдерлер Android-смартфондордун көпчүлүгүндөгү мындай биометрикалык кулпу iPhone деңгээлиндегидей маалыматтарды коргоону камсыздай албай турганын белгилешет. Аны сүрөт же бет түзүлүшү окшош адам менен алдап коюуга болору айтылат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 2-3-март күндөрү Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик апараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчы коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулай турганы белгиленди.
"Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз", — деп белгиледи Дүйшекеев.
Мындан сырткары, Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушары күтүлүүдө.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн маанисин эске алып, Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу дагы каралган.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ташкент шаарындагы "Шовотландия" кафесине өрт коюуга шектелген адам кармалды. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Чилензарск районундагы кафеден чыккан өрт тууралуу маалымат өрт өчүрүү кызматына 27-февралда түнкү саат 3:51лер чамасында түшкөн. Жалын саат 4:37де чектөөгө алынган. Кийинчерээк шаардык милиция башкармалыгы кырсык болгон жерден беш студент ууланып каза болгонун кабарлаган.
Милиция Самарканд облусуна караштуу Тайлак районунун тургуну, мурда соттолгон жаран атайылап өрт коюушу мүмкүн деп эсептеп жатат.
"Тергөөнүн алгачкы маалыматы боюнча, ал 27-февралда саат 3:30да Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа менен кафеге келип, дубалына белгисиз суюктук чачкан. Андан соң ичине дагы бир идиштеги суюктукту ыргытып күйгүзүп жиберген. Шектүү өрт тутанганча карап туруп, анан качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.
Бул боюнча "Атайылап жок кылуу жана мүлктү зыянга учуратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнү Ташкент прокуратурасы жүргүзүп жатат.
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.