Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив

Жең ичиндеги көзүр: Кытай АКШнын мамлекеттик карызын арзан сатууга даяр

191
Вашингтон кытайлык иштелмелерди улуттук коопсуздукка коркунуч катары бөгөттөгөнчө, Кытай америкалык мамлекеттик облигациялардын триллиондук портфелин арзандатып сатуу менен доллардын курсун да, баалуу кагаздардын рыногун да кыйратып кое алат.

Бул бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн өтө кооптуу сценарий. Пекин кадамын канчалык ыраак таштай аларына сереп салган Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Технологиялык согуш

Январда дүйнөнүн эки ири экономикасы соода согушун бүтүрүүгө маанилүү кадам жасаган: сооданы акырындап калыбына келтирүүгө багытталган биринчи фаза боюнча келишимге кол койгон. Бирок COVID-19 пандемиясы баарын бузду.

Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"

Вашингтондогулар Пекинди коронавирустун таралышына айыптап, акчалай компенсация талап кылды. Аны менен чектелип калбастан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканын жарыялап, аны Кытайдын ишин кубаттоодо деп зекиген.

АКШдагы президенттик шайлоонун жакындашы менен чыңалуу улам күч алууда. Трамп кытайлык компаниялардын америкалык экономикага "келтирген зыяны" жөнүндө кайрадан эстеди. Анын оюнда кытайлыктар өндүрүштү өздөрүнө "тартып", технологиялык сырларын уурдап алган имиш.

Августта Вашингтон Пекинге интернет жана социалдык медиа аркылуу шайлоого кийлигишүүдө деген кине таккан. Кытайлык TikTok Кошмо Штаттардын жетекчилигинин каарына калган. Ага тыюу салуу керек, болбосо КЭР бул сервистен пайдаланган америкалык жарандардын жеке маалыматтарын ала баштаарын билдиришет Ак үйдөгүлөр.

TikTok сервисинин ээсин — кытайлык ByteDance компаниясын бул бизнести америкалык компанияларга сатууга мажбурлап жатышат. 12-ноябрга дейре бул ишке ашырылышы керек. Антпесе, Трамп сервиске бөгөт коерун айтып опузалаган.

Пекин буга эмне деп жооп берери али белгисиз. Эксперттер кытай бийлигинин TikTok сервисин коргоп калууга жүйөлөрү деле жок, анткени аны "зыяндуу", "адепсиз контентти" жайылтууда, "социализм баалуулуктарына" шайкеш келбейт, кытай жаштарын жаман жолго салууда деп эсептешет.

Бирок Вашингтон Huawei — ири кытай технологиялык компаниясын да кысымга алууда.

Пекин "улуттук коопсуздукка коркунуч" туудурушу ыктымал деген чет өлкөлүк компанияларга стратегиялык материалдарды жана технологияларды экспорттоого тыюу саларын айткан.

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

Олуттуу сүйлөшүү

Аны менен катар эле Пекиндегилер КЭРдин колунда андан да олуттуу рычагы бар экенин эскертти. Кеп АКШнын триллион долларлык мамлекеттик облигациялары туурасында. АКШ менен болгон соода тирешинен улам Кытай пландуу негизде бул кагаздардан арылып келген.

1,32 триллион долларлык чегинен 2014-жылдын ноябрында америкалык мамлекеттик карызга инвестициялар 200 миллиарддан ашуун каражатка азайган. Жыйынтыгында 2019-жылдын июнь айында трежеристин чет өлкөлүк ээлеринин лидерлиги Японияга өткөн: Токионун колунда 1,12 триллиондук облигация бар.

Америка Каржы министрлигинин соңку отчету көрсөткөндөй, сентбярдын ортосуна карата кытай портфели 1,08 триллионго кыскарган. Жылдын биринчи жарымында Пекин трежеристи 106 миллиардга түшүргөн — бул сатуунун 2015-жылдан берки эң ыкчам ыргагы.

Бирок кеп экономикалык тиреште гана эмес. Кытайдын америкалык мамлекеттик карыздан кутулуу себептеринин бири — басуучу станоктун тынымсыз иштешинин кесепетинен улам доллардын нарксыздануу тобокелдиги. Карыз да өсүүдө. Сегиз ай ичинде Кошмо Штаттар 7,7 триллиондук казыналык облигацияны чыгарган, мындай көрсөткүч — рекорд. Башкача айтканда, экономикасын карыз алуу менен гана колдоодо.

Пекин Вашингтондо экономикалык көйгөйлөрдү басуучу станоктун жардамысыз чече албастыгын көрүп турат. Ошондуктан америкалык мамлекеттик карызга салым салуу кескин кооптуу экенин белгилейт кытайлык Global Times.

Ири арзандатуубу?

АКШ жана Кытай жаңжалынын ырбашы кокус америкалык экономиканын экинчи саптагы ири чет өлкөлүк насыякорунун сабыры түгөнүп, трежеристи арзан сатууга киришиши мүмкүн деген чочулоону ого бетер күчөтөт.

Мындай кадамдын кесепеттери чоң кырсыкка алып келиши ыктымал. Бул баалуу кагаздар жапырт ташталса, рынок дүрбөлөңгө түшөт. Бирок андай жол Кытайдын өзүнө пайдасыз. Биринчиден, 100-200 миллиардга облигацияларды кыска мөөнөттө сатуу алардын баасын төмөндөтөрү айкын.

Бул учурда Кытайдын өзүнүн тышкы активдери жана резерврдеринин наркы да арзандаган баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн пайда сымал эле кескин ылдыйлайт.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Ага кошумча, доллар да кыйрайт, ал эми КЭРге мунун кажети жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытайлык экспортту кымбаттатат. Мындан тышкары, АКШнын казыналык милдеттенмелерин таштаса, соода согушу көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо, Пекиндин юанды тескөө мүмкүнчүлүгүн да бир далай чектейт. Акыры трежеристи сатуудан түшкөн долларларды бир жакка салуу зарыл, ал эми бул оңой-олтоң эмес.

Тек гана Кытайда көйгөй чыкпайт, бул иште эч ким "соо" калбайт. "Америкалык облигациялардын пирамидасы бузулса, демек, бүт дүйнөнү каржылык башаламандыкка кептейт. 1998 жана 2008-жылдардагы каатчылык баланын оюнундай эле болуп калат. Ошондуктан жакынкы келечекте андайга жол берилери арсар", — деп баса белгилейт Chatex криптовалюталык банкынын башчысы Майкл Росс Жонсон.

Доллар жана трежеристен баш тартуу акыркы жылдардагыдай эле баскыч-баскыч менен болушу мүмкүн. Кытайлык алдыңкы экономисттердин бири, Шанхай финансы жана экономикалык университетинин профессору Си Цзюньяндын пикиринде, жагдай кадыресе нукта кетсе Пекин АКШнын казыналык облигацияларынын портфелин болжол менен 800 миллиард долларга "акырындап кыскартат". Бирок мисалы, аскердик тиреш тутанып кете турган болсо, кооптуу вариант да ишке ашырылышы ыктымал.

Кытай АКШ баалуу кагаз коркунуч согуш маалымат карыз

191
Тема боюнча
МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат
Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив

Түркия эмнеликтен Азербайжанга аскердик күч киргизүүдө? Ой толгоо

110
Тынчтык орнотуу шылтоосу менен Азербайжанга түркиялык аскердик күчтөрдүн киргизилиши Анкаранын Түштүк Кавказ жана Каспий жээгиндеги аймакка аскердик-саясий таасирин күчөтүүгө, Түркиянын жалпы эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө умтулуусун чагылдырат.

Мындай милдеттерди ишке ашыруу үчүн бир жыл жетишсиз экени шексиз. Биз НАТОнун постсоветтик мейкиндикте орун алышын жайылтуунун кезектеги чыгыш нугундагы кызыктуу баскычына күбө болуп турабыз. Түркиянын бул кадамын аскерий серепчи Александр Хроленко талдаган.

Түркиянын улуттук коргоо министри Хулуси Акар 21-ноябрда өлкөнүн кургактагы күчтөрү даярдыктан өткөнүн, жакында Азербайжанга Аскер-аба күчтөрү тарабынан жеткириле турганын жар салган.

Аскер жетекчиси өз сөзүндө "Түркиянын эл аралык аренада лидерлиги" жөнүндө да камтып, ага бет алган багытта "түркиялык куралдуу күчтөрү республиканын тарыхындагы эң чыңалган убакты баштан өткөрүп жатканын" кошумчалаган.

Азербайжандагы түркиялык аскердик контингенттин сандык жана сапаттык курамы азырынча сыр бойдон. Түркиянын аскердик бөлүктөрү Азербайжанда Анкара менен Бакунун аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыгынын алкагында мурдатан эле дээрлик туруктуу жайгашып келерин белгилей кетели.

Тоолуу Карабахта окту токтотууну көзөмөлдөөчү россиялык-түркиялык борбордун алкагындагы иштер үчүн офицерлердин кезектеги тобун жөнөтүү президенттик буйрукту жана түркиялык парламентте талкууну талап кылбаган чыгар.

Анкара менен Москва 11-ноябрда Тоолуу Карабахтагы элдешүүнү көзөмөлгө салуу боюнча борбор жөнүндө меморандумга кол койгон. Анан да бул документте биргелешкен тынчтык орнотуу күчтөрүн түзүү туурасында кеп да жок. Бирок мындан ары Азербайжан жана Түркиянын президенттери Ильхам Алиев жана Режеп Тайип Эрдоган түркиялык күчтөрдүн катышуусундагы "биргелешкен тынчтык орнотуу миссиясы" тууралуу бир нече ирет билдиришкен. Ошону менен бирге эле Москванын "кан күйгөн" аймакка түркиялык күчтөрдү киргизбөө өтүнүчүн Анкара менен Баку этибарга да албады.

Азербайжан территориясындагы Түркиянын кургактагы күчтөрүнүн Россия менен ондогон адистерден куралган мониторинг борборунун алкагындагы өз ара аракеттенүүдөн бөлөк башка бир нерсеге даярданып жатканы айкын.

Ийгилик арбитражы

Түркиянын Түштүк Кавказда Россия менен масштабдуу жаңжалды тутантууга стратегиялык себеби жок (андайда ийгиликке жетери күмөн, анан да Анкара үчүн кесепети оор болору турулуу иш).

Азербайжан менен эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтык же "тынчтык орнотуучу миссия" өңдүү ыңгайлуу шылтоо менен аймакка ырааттуу кирүү – кыйла натыйжалуу жана коопсуз. Экинчи жагынан да Бакунун жардамы Карабахтагы куралдуу жаңжалга болгон түркиялык көмөккө акы да болушу мүмкүн.

Тоолуу Карабахтагы түркиялык аскердик күчтөрдүн аракеттери үч тараптуу (Азербайжан, Армения, Россия) эч кандай макулдашууда каралган эмес.

Азербайжанда түркиялык аскер кызматкерлеринин болушу юридикалык жактан постфактум бекитилген, себеби РФтин белдүү аскердик серепчилеринин маалыматы боюнча, сентябрдын аягынан тарта азербайжан аймагында 1500 чакты түркиялык аскер кызматкери болгон эмеспи. Түркиялык генерал жана офицерлер кеңешчи катары башкаруунун бардык вертикалында, атап айтканда, азербайжан армиясынын Башкы штабынан полктук бөлүктүн штабдарына чейин иштешти.

Анкаранын жаңжалдын Азербайжан тарабына көрсөткөн аскердик колдоосунан улам түркиялык армиянын Карабахта тынчтык орнотуучу катары роль алышына, чектешкен жерлерди чогуу күзөтүүгө катышуусуна таптакыр жол берилбейт. Анткен менен варианттары болушу мүмкүн. Иш жүзүндө Түркия Азербайжанда эбак ордун бекемдеп алган. Мындан ары түркиялык күчтөр эки тараптуу макулдашуунун негизинде аталган территорияда жылдап калат.

Бул эл аралык укук жоболорун бузбайт, бирок тынчтыкка да кепилдик бербейт. Анткени дүйнөнүн эч бир өлкөсү Тоолуу Карабах Республикасынын суверенитетин тааныган эмес, Баку менен Анкаранын Тоолуу Карабахтагы армян калкына карата каалаганын кыла аларына ынанып алышы ыктымал.

Түркия Тышкы иштер министрлиги жер-жерлерде кандайдыр кошумча байкоочу бөлүмдөрү туурасында билдирүүсү бар. Сириядан келген түркия тарапка ыктаган согушкерлердин Азербайжандан чыгарылышы боюнча маалыматтын жоктугу тынчсыздандырат. Мындай кырдаалда, министр Хулуси Акар айткандай, "азербайжан туугандардын ийгилигинин арбитражы" жетишкендиктерден башы айланбаса болгону.

Келечектин кыялы

Анкаранын "түрк дүйнөсүн" куруу боюнча глобалдык планы бар. Алдыда түркиялык кызыкчылык жана күчтөрүнүн Азербайжан чегинен тыш – Каспий аймагы жана Борбор Азия өлкөлөрүнө чагылышы да ажеп эмес.

Жетиштүү деңгээлде кубаттуу куралдуу күчкө, тагыраак, 355 миң аскер кызматкери, 2600дөн ашуун танк, 270 көп буталуу F-16 истребителине ээлик кылуу менен Global Firepower дүйнөлүк рейтингинде татыктуу 11-орундагы Түркия учак, учкучсуз аппарат, ракета, танк чыгаруу боюнча өз өндүрүшүн кызуу өркүндөтүү менен алек. Соңку 15 жыл ичинде түркиялык коргоо мекемелери 56дан 1500гө өстү. Ал эми өкмөтү 75 миллиард доллардан ашуун наркы бар аскердик-өндүрүштүк комплекстик программаларды тескейт. Анкара чет өлкөлүк куралды да көп сатып алууда. Түркия Республикасынын коргонуу бюджети 18 млрд. доллардан ашуун сумманы, 2020-жылдын бюджетинде жалпы чыгымдардын 13 пайызын түзөт.

Түркия Сириянын түндүгүндө, Ливияда аскердик инструменттерди кызуу пайдаланып келет. Башка өлкөлөрдүн кызыкчылыгына карабастан Жер ортолук деңиздин маанилүү тилкелерине да көз артат (кызыкдар). Ошентип Азербайжан (мунайдын бир топ коруна ээ) Түркиянын белгилүү, экспансивдик жана агрессивдүү тышкы саясатын өнүктүрүүчү аянтчага айланып барат.

Мындай "агалык" жагдайы Анкаранын "аркасында" Эрдоганды бардык географиялык аймакта үндөбөй колдоп турган түндүк атлантикалык альянс турушу менен да кооптуу.

Россиялык тынчтык орнотуучулар Тоолуу Карабахта тынчтык жана тартипти калыбына келтирүү менен алек, ал эми Түркия Азербайжанда кандайдыр аскердик инфраструктура түзүү менен Түштүк Кавказ аймагындагы аскердик кийлигишүүгө болгон укугун бекемдөөнү көздөйт. Анкаранын Карабах долбоорун логистика гана кабатырга салат. Түркиялык Ыгдыр провинциясы жана "ири Азербайжандан" бир топ обочолонгон Нахичеван Автономдук Республикасы кошулган жерде Азербайжан жана Түркиянын кургактагы орток кичинекей тилкеси бар. Аскердик-аба күчтөрүнүн учактары менен күчтөрдү, курал-жарак жана ок-дарыны жеткирүү (өтө көп чыгымды талап кылат) үчүн Армения, Грузия (кыйла болжолдуу маршрут) же Иран менен макулдашууга тийиш.

Ошентип кандай геосаясий жагдайда болбосун, Түркияга Кавказ жана Жакынкы Чыгыштагы Россиянын бекем ордун эске алууга туура келет.

110
Белгилер:
Жаңжал, согуш, Ливия, Сирия, Тоолуу Карабах, Аскер, Азербайжан, Түркия
Тема:
Тоолуу Карабахтагы жаңжал
Тема боюнча
Түркиянын Карабахтагы тынчтык орнотуучулары: же бар, же жок болуу
Тынчтыкка карай жол. РФ аскерлери Карабахтын Лачын коридорун минадан тазалашты

Антонина Шевченконун учакты башкарып, асманда калкыган видеосу

239
UFC уюмунун кыргызстандык мушкери Антонина Шевченко бир моторлуу учакты өзү баштарып, чакан авиациядагы жолу тууралуу кеп кылган берүү даярдалды.

"Путь Пилота" YouTube каналына "Пантера" каймана аты бар мушкер кыздын чакан авиациядагы жолу, өзү сатып алган учагы жана кантип учкуч болуп калгандыгы тууралуу айтып берди.

Спортчунун айтымында, ага учкуч болуу идеясы келгенине көп болгон. Бирок ал кыялын ишке ашырууну АКШга барганда көздөй баштаган. Былтыр февраль айында Лас-Вегас шаарында учкучтар мектебине барган. Алгачкы ирет сентябрь айында өз алдынча учуп, декабрда жеке учкучтун сертификатын алган.

Антонина Шевченко — UFC уюмунун кыргызстандык мушкери, белгилүү спортчу Валентина Шевченконун бир тууганы.

239
Белгилер:
Берүү, видео, Учкуч, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Майянын кашын жарып салды. Шевченко чемпиондугун коргогон беттештин видеосу
Турсунбек Жумабеков. Архив

Бүгүн дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуу ниетинен кайтты

0
(жаңыланган 23:08 24.11.2020)
Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон Турсунбек Жумабеков жарышка катышуудан баш тартып, арызын артка чакыртып алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.

Ушуну менен мамлекетти башкарууга ниеттенгендердин саны 47ге түштү.

Сок өндүрүү боюнча компаниянын башчысы, 44 жаштагы Жумабеков шайлоонун алдында жарыштан четтеген 16-жаран болду.

Эске салсак, шайлоого катышууга жалпы жонунан 65 киши арыз берген. Бирок талапкерликти көрсөтүү процесси аяктаганга чейин эле эки жаран арызын чакыртып алган. Ошентип Боршайком 63 атаандаштын документтерин кароого киришкен, алар менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

0
Белгилер:
каттоо, талапкер, шайлоо, БШК
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
БШК президент болом деген 12 талапкерди жарыштан четтетти
Шайлдабекова президенттик шайлоону өткөрүү штабына теңтөрайым болду