Түркия бийлиги жакын арада туристтер үчүн эшигин жабышы ыктымал

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАнталья шаарынын деңиз жээгиндеги турист. Архив
Анталья шаарынын деңиз жээгиндеги турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан сырткары, өлкөдө адам көп чогулган массалык иш-чараларды да чектеп, дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизүү пландалууда.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Түркиянын өкмөтү туристтер үчүн эшигин жабышы ыктымал. Ошондой эле эл аралык сапарларга чектөө коюшу мүмкүн. Бул тууралуу Daily Hürriyet басылмасы жазды.

Билдирмеге ылайык, мындай кадам коронавирус жуктургандардын көбөйүп жатышы менен байланыштуу.

Басылма маалымдагандай, Түркия бийлиги саякаттап жүргөндөргө өзүнчө, жергиликтүү жашоочуларга өзүнчө жаңы чараларды иштеп чыга баштады. Алар ноябрь жана декабрь айларында киргизилет. Чектөөлөр биринчи кезекте ири туристтик борборлорго жана Стамбул шаарларына тиешелүү болмокчу.

Мындан сырткары, адам көп чогулган массалык иш-чараларды да чектеп, дем алыш күндөрү комендаттык саат киргизүү пландалууда.

Исмаилова: өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталды

Жаңы чаралардын киргизүү маселеси өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине караштуу илимий кеңештин жыйынында талкууланат. Ал 28-октябрга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0