Медициналык бет кап кийген адамдар. Архив

COVID-19 жугузуп алган киши кайсы учурда өтө кооптуу

200
(жаңыланган 10:21 30.10.2020)
Эпидемиолог коронавирус жугузуп алган киши айланадагылар үчүн кайсы учурда коркунуч жаратарын түшүндүрүп берди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. COVID-19га кабылган адам оорунун симптомдору пайда болгонго чейинки эки күн жана оорунун алгачкы күнү башкалар үчүн көбүрөөк коркунуч жаратат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиология илим-изилдөө институтунун клиникалык-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары Наталья Пшеничная билдирди.

COVID-19га туруштук берет. Вирусолог иммунитетти кантип бекемдеш керектигин айтты

"Вируска кабылган кишиден илдетти жуктуруп алуу кооптуулугу күчөп турган мезгил — симптом пайда болгонго чейинки эки күн жана жаңы ооруй баштаган учур. Ошондой эле ооруганга чейинки төрт, ооруй баштагандан кийинки төрт күн ичи дагы обочолонуп туруу зарыл. Оорунун бешинчи күнүнөн тарта вирусту башка бирөөгө жугузуп коюу коркунучу бир топ азаят", — деди дарыгер.

Адис эске сала кеткендей, коронавирус аба аркылуу жугат. Вирусту таратып жибербеш үчүн ооруган адамдын бет кап кийип жүргөнү туура.

200
Белгилер:
коркунучтар, жугузуу, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1162)
Тема боюнча
Адис коронавирус менен күрөшкөн иммунитетти дагы эмне начарлата турганын айтты
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көк бөрү көрөбүз! Хабиб машыктыруучусу менен Кыргызстанга келет

122
(жаңыланган 01:19 26.11.2020)
Нурмагомедов Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда ал өлкөдө ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу Хавьер Мендез Instagram баракчасына Кыргызстанга келип, көк бөрү оюнун көрүү каалоосу тууралуу жазган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Javier Mendez (@akajav)

Мендез менен Нурмагомедов азыр Бириккен Араб Эмирлигинде жүргөнү маалым болду. Машыктыруучу Кыргызстанды кайрадан көргүсү келип жатканын кыргыз ишкери менен жолукканда айткан.

"Кереметтүү Кыргызстанга барууну чыдамсыздык менен күтүп жатам, ошондой эле көк бөрү оюнун да көрсөк дейбиз", — деп жазган Мендез. 

UFC чемпиону да Instagram баракчасынын сторис бөлүмүнө "Жакында Кыргызстанга барам" деп жазган.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Хабиб Нурмагомедов Улуттук олимпиада комитетинин чакыруусу менен өлкөгө келип кеткен. Анда ал КРде ушунчалык атактуу экенине таң калганын билдирген.

122
Белгилер:
Көк бөрү, спортчу, тренер, Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан
Тема боюнча
Миссиямды аткардым. Хабиб кайра октагонго чыгар-чыкпасын айтты
Легендарлуу футболчу Диего Марадона. Архив

Легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду

127
(жаңыланган 22:50 25.11.2020)
Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда медициналык көзөмөлдөн өтүү үчүн ооруканалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча 1986-жылы дүйнө чемпиону болгон легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Аргентинанын TN телеканалына таянып кабарлады.

Аргентиналык спортчу 60 жашта болчу.

30-октябрда "Химнасия жана Эсгрима" футбол клубуна башкы машыктыруучулук кылып жаткан Марадона бир катар текшерүүлөрдөн өтүү үчүн ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы кабарланган. Марадона ооруканадан 12-ноябрда чыгарылганы айтылган. Футбол адисинин акыркы жылдары басканы оорлошуп, өзүн начар сезип калган.

127
Тема боюнча
Роналду, Зидан, Марадона... Дүйнөлүк футболчулардын атын алган кыргызстандыктар