Грузиядагы шайлоо: бийликтин партиясы алдыда, оппозиция митингге кам көрүүдө

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГрузиядагы шайлоодон кийинки митинг
Грузиядагы шайлоодон кийинки митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишемби күнү Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Мыйзамга ылайык, бул өлкөдө депутаттар төрт жылга шайланат. Парламентте бардыгы болуп 150 депутат бар.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Грузиядагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын эсептөөдө азырынча бийликтин партиясы "Грузин кыялы" 49,32 пайыз менен алдыда келе жатат. Бул тууралуу добуштардын 58,54 пайызын санап бүткөн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Ал эми мурдагы президент Михаил Саакашвилинин партиясы кошулуп, оппозициялык күч болуп эсептелген "Күч биримдикте" кыймылы добуштардын 25,94 пайызына ээ болду.

Ошондой эле парламентке "Европалык Грузия", "Патриоттор альянсы", "Лело", "Гирчи", "Агмашенебели стратегиясы" жана "Жаран" партиялары өткөнү турат.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн төрт адам арыз берди

Бирок оппозициялык партиялар шайлоонун алдын ала жыйынтыгын легитимсиз деп, жекшемби күнү тарапташтарын Тбилисинин борборуна митингге чыгууга чакырып жатат.

Эске салсак, ишемби күнү Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Мыйзамга ылайык, бул өлкөдө депутаттар төрт жылга шайланат. Парламентте бардыгы болуп 150 депутат бар. Алардын 120сы партиялык тизме менен келсе, калган 30у бир мандаттуу округдардан шайланат. Партиялар парламентке өтүү үчүн бир пайыздык чектөөдөн өтүшү керек. Ал эми мажоритардык талапкерлер шайлоочулардын добушунан 50 пайыз жогору алуусу шарт. Ал эми өкмөттүн курамын добуштардын 40 пайызынан көбүн алган партия өз алдынча эле бекитип кое алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0