Лондон Россияга каршы ыплас согуш жүрүп жатканын тастыктады

© AFP / BEN BIRCHALLУлуу Британиянын разведка кызматкерлери. Архив
Улуу Британиянын разведка кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британия Россияга каршы маалыматтык жана киберсогуш жүргүзүп жатканын моюнга алды. Албетте, бул факты эч кимге деле сенсация болгон жок. Бирок лорд Марк Седвиллдин билдирүүсү расмий Лондондун РФке каршы диверсиясынын алгачкы ачык тастыктоосу болду.

Буга дейре ачык айтуудан айбыгышканын белгилейт серепчи Владимир Корнилов. Анын ушул маселенин тегерегиндеги ой толгоосу РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Седвиллдин бул операциялардан кабары болбой койбогондур, себеби ал буга чейин премьер-министрдин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси, ошону менен катар эле Уайтхоллдун бардык бюрократиялык аппаратын тескеген.

Ал эми лорд маек куруп, өзүнүн чуулгандуу билдирүүлөрүн жарыялаган The Times гезити дипломатиялык карьерасынан тышкары Седвилл МI-6да офицер болуп иштегенин да билдирген. Быйыл жыл аягына дейре лорддор палатасынан орун алууга камынган мурдагы аткаминер эмнени моюнга алды? – Ал Британия кибер мейкиндикте Россияга сокку уруп жатканын жар салды.

Медведев БУУ аянтчасындагы киберкоопсуздук боюнча келишимге чакырык жасады

"Муну пайдаланганыбызды көрбөгөнүңөр – биз аны жасабаганыбызды туюндурбайт", — деп ачык билдирди Седвилл. Ошону менен тим калбастан, "Британия россиялык лидерлер жана алардык кызыкчылыктарына купуя чабуулдардын түрмөгүн жүргүздү", – деп маалымдады ал. Лондон россиялык олигархтардын мүлкү жана эсептеринин изине түшкөнүн кошумчалады лорд. Буга го Россия ырахматын да айтат. Владимир Путин россиялык бизнесмендерди окуянын ошондон өңүткө өтүп кетишин канча ирет эскертип, "капиталдарды кайда табылса, ошол жерде кармоого" үндөп келген. Андыктан батыштын атайын кызматтарынын мындай билдирүү жана аракеттери россиялык бизнести өз президентинин чакырыгын тыңдоого түртөт. Британиялыктар Россияда капитал ынанымдуу сакталарын тастыкташат.

Ал эми киберчабуул жана Россияга каршы бүлүндүрүү кампаниялары боюнча лорд Седвилл Лондон Солсбериде Скрипалдардин ууланышы боюнча чуулгандуу окуядан соң гана "жооп катары" бул ишке киришкенин айтканы коошпой калды. Эске салсак, Сергей жана Юлия Скрипаль 2018-жылдын 4-мартында өздөрүн начар сезе башташкан. Ал эми британиялык атайын кызматтын ыплас иштери Россияда бул окуяларга чейин эле бир нече жолу катталган.

Психологиялык жана маалыматтык согушка адистешкен британиялык Strategic Communications Laboratory (SCL Group) фирмасынын ишмердигин эстеш деле жетиштүү.

Путин мамлекеттин күчү эмнеде экенин айтты. РФ лидеринин "Валдай" клубундагы сөзү

Ал жалган маалыматтык кампанияларында Британия, АКШ жана ошондой эле бүтүндөй НАТОнун аскердик жана чалгындоочу структуралары буюртмачы болорун эч качан жашырган эмес. Болгондо да ал мындай ишмердик менен 1990-жылдардан бери шугулданат.

SCL Group иштеринин ыплас ыкмаларынын бети ошол эле 2018-жылдын март айында, анын алдындагы Cambridge Analytica структурасы менен болгон ызы-чууга байланыштуу ачылган. Батыш истеблишменти аталган фирмага АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө Дональд Трамптын тарабында катышкандыгы үчүн гана каарын төккөн. Антпесе, ага эч ким азыркыга дейре тийишмек эмес.

Ошондо аталган структуранын өкүлдөрү потенциалдуу буюртмачылар менен (чындыгында журналисттер алардын атын жамынган) сүйлөшүп жатканын ойлоп, социалдык медиада фейк аккаунттарды ачуу, интернетке жалган маалымат жайылтуу, аны аудиторияга ылайыктоо жана башка ушул өңдүү аракеттерге адистешкени боюнча маалымат беришкен. Башкача айтканда, маалыматтык согуш менен кенен-кесир алектенип келерин моюнга алышкан.

2015-жылы эле НАТО SCL компаниясын "Россияга багытталган" иш үчүн жалдаган. Аталган ишкана өз портфолиосунда 2004-жылы Киевдеги "кызгылт сары революциясын" камсыздоо үчүн жалданганын ачык эле белгилейт. Ошондо "кызгылт сарычылар" Виктор Ющенконун табышмактуу "ууланышы" аркылуу жеңишке жетишкен. Киевдегилер эч кандай деле уулануу болбогонун моюнга алышат. Скрипалдарге жана айрым россиялык ишмерлердин табышмактуу ууланышына ушул эле адистердин катыштыгы жокпу деген түкшүмөл ойлор келбей койбойт экен.

SCL "Донецк Элдик Республикасын кыйратуу жана чабалдатуу үчүн" Британиянын Коргоо министрлиги жана Киев бийлиги тарабынан жалданганын да жашырбайт. Булардын баары Солсберидеги окуядан мурун болгонун баса белгилей кетели. 2017-жылдын апрель айынан тарта коопсуздук боюнча кеңешчилик кызматты аркалаган лорд Седвилл булардан кабары бар экени шексиз. Болгону мырзалардын айткандарына дале калк ишенет деп баеолук менен боолголоп жатса керек.

Вакцина жана маймылдар: "россиялык фейк" туурасында британдык фейк

Чагыбызда кибер курал жана кибер аңдуу бардык жерде колдонуларын баары жакшы түшүнүп турат. Атаандаштарын гана эмес, союздаштарын деле "аңдышат".

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин телефонун америкалык атайын кызматтар көп жылдан бери тыңдап келгени боюнча окуя эле эмнени каңкуулайт? Анан Россияны жана Скрипалдарга чейин алда канча активдүү аңдууга аракет кылышкан эмес дешке болобу?

Голландиялык маалымат каражаттары AIVD атайын кызматтарынын хакерлери 2014-жылдын жайында россиялык мамлекеттик мекемелердин сайттарын бузуу боюнча күнүмдүк операцияларынын алкагында кайсы бир москвалык жогорку окуу жайдын маалыматтарына кирип, аңдуу жүргүзүп, ошонун аркасы менен Cozy Bear хакердик түйүнүн ачыктаганын жазып чыгышкан. "Орус хакерлери" жөнүндөгү эч кандай ызы-чуу чыга электе эле голландиялык расмий кибертыңчылар РФтин түйүндөрүн талкалоого киришкен. Муну ачык айтып, сыймыктанышат.

Эми быйыл Кремлдин ички түйүнүн талкалоо аракеттерине (бул тууралуу The Times гезити жазды) британ лорддору ынандырууда. Жаңы лорд Скрипалдардын ишине жооп катары Лондон "Бириккен Королдуктагы бүтүндөй россиялык чалгындоо түйүнүн" талкалаганын айтып мактанат. Эгер The Sunday Express гезитиндеги макалага таянсак, "ГРУ хакерлери" Елизавета IIнин өтө жашыруун "Портон-Даун" химиялык лабораториясына барганы боюнча маалымат алууга тырышкан имиш.

РФ элчилиги АКШдагы россиялыктардын айыпталышы боюнча үн катты

Албетте, батыштагы атайын кызматтар мурдатан бери Россияга каршы купуя жана абдан ыплас согуш жүргүзүп келе жатканын баары билишкен. Анүчүн жалган маалымат, киберчабуул, тыңчылык жана ачык эле диверсияларды пайдаланып келишет. Британиялыктар бул согушта эң акыркы ролду ойнобогону да көпчүлүккө маалым.

Бирок ошол кампаниянын түз катышуучулары азыркы убакка дейре аларга карата россиялык айыптоолор "ойдон чыгарылган" деп танып келишкен. Лорд Седвиллдин ачык-айрымдыгы гана баарын ачыктап салды көрүнөт.

Кезектеги антироссиялык чагымчылыктан сөз башталганда, Россия жөнүндөгү жалган маалымат таралганда же кезектеги табышмактуу "ууландыруу" тууралуу жар салынса, Москва эми кимдин кебинен мисал келтирери белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0