Кытайда эл каттоо башталып, ага 7 миллион кызматкер тартылды

© AFP / STRКытайдагы эл каттоо
Кытайдагы эл каттоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын калкын алгачкы ирет каттоо 1953-жылы жүргүзүлүп, анда 600 миллион адам жашай турганы белгилүү болгон. 2010-жылы өлкөнүн калкы 1,37 миллиард деп эсептелген.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кытайда 1-ноябрдан тарта өлкөнүн тарыхындагы жетинчи жолку эл каттоо башталганын "Известия" жазды.

Он күнгө созула турчу ишке 7 миллион кызматкер тартылды. Ар бир кызматкер 250дөн кишини катташы керек.

Си Цзиньпин кытай элин ысырапкорчулукту токтотуп, тамакты үнөмдөөгө чакырды

Анда Кытай континентинин, ошондой эле Гонконгдун, Макаонун жана Тайвандын тургундары, КЭРдин сырттагы жарандары менен Кытайда туруктуу жашаган чет элдик жарандар каттоодон өтмөкчү.

Кытайдын калкын алгачкы ирет каттоо 1953-жылы жүргүзүлүп, анда 600 миллион адам жашай турганы белгилүү болгон. 2010-жылы өлкөнүн калкы 1,37 миллиард деп эсептелген.

Жаңылыктар түрмөгү
0