Окумуштуулар COVID-19ду аныктоонун жаңы ыкмасын тапты

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКөчөдө бараткан бет капчан адам. Архив
Көчөдө бараткан бет капчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фитнес-браслет тагынып жүргөндөр оорунун алгачкы белгилери баштала электе эле организминдеги өзгөрүүлөрдү байкап калганын айтышкан.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Америкалык окумуштуулар коронавирусту фитнес-браслеттин жардамы менен аныктоонун жаңы жолун табышты. Бул тууралуу Nature Medicine журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

Адистер COVID-19 жуктуруп алып, анысы тест аркылуу аныкталган бейтаптар арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Чүчкүргөндө же жөтөлгөндө адам өзүн токтотушу керекпи. Адистин жообу

Жыйынтыгында фитнес-браслет тагынып жүргөндөр оорунун алгачкы белгилери баштала электе эле организминдеги өзгөрүүлөрдү байкап калганын айтышкан. Мисалы, мурдагыдан бат-бат дем ала баштаганы, күрөө тамырдын тез согушу жана уйкунун бузулушу билинген.

Окумуштуулар жаңы ыкма менен оорунун симптомсуз формасын дагы аныктап алса болорун айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0