Түркиядагы зилзала: каза болгондор 73кө жетип, миңге чукул адам жабыркады

© REUTERS / KEMAL ASLANСильное землетрясение в Измире
Сильное землетрясение в Измире - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Түркиянын Измир аймагындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 73кө жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

Буга чейин 69 киши көз жумуп, 949 жаран жаракат алганы айтылган эле.

Садыр Жапаров жер титирөөгө байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

"Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 73кө жетип, жабыркаган 961 киши катталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 30-октябрда Түркиянын батышында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ал Измирдеги Сеферлихисар шаарындагы райондо жайгашкан. Ошондой эле жердин силкинүүсү Грециянын Самос аралында дагы катталган. Ал жерде эки адам көз жумуп, 20 киши ар кандай жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0