Молдовадагы президенттик шайлоо: атаандашы азыркы президент Додонду басып өттү

© Sputnik / Мирослав Ротарь / Медиабанкка өтүүМолдованын мурдагы премьер-министри Майя Санду. Архив
Молдованын мурдагы премьер-министри Майя Санду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторундагы добуштардын баарын санап бүткөн. Бир гана АКШ жана Канададагы добуш бергендердин бюллетендери калган. 

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Молдованын мурдагы премьер-министри Майя Санду президенттик шайлоодо 34,39 пайыз добуш алып, азыркы президент Игорь Додондон ашып баратат. Додон азырынча шайлоочулардын 34,11 пайыз добушун алган. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Бул — шайлоодо добуш бергендердин 98,04 пайызынын көрсөткүчү. Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участокторундагы добуштардын баарын санап бүткөн. Бир гана АКШ жана Канададагы добуш бергендердин бюллетендери калган. 

Буга чейин Додон Сандудан үч пайызга озуп бараткан. Шайлоодо "Наша партия" партиясынын талапкери Ренато Усатый 16,9 пайыз добуш алса, "Шор" партиясынын өкүлү Виолета Иванов 6,75 пайыз добуш топтогон.

Шайлоодо ат салышып жаткан дагы төрт партиянын талапкеринин добуштары 3,5 пайыздан төмөн.

Эске салсак, Молдовада жекшемби күнү президенттик шайлоо өттү. Бул мамлекет президентти төрт жылга шайлашат. БШК шайлоону өттү деп эсептеди. 

Бир пайыздык чек. Грузия парламентине 7 партия жана эки блок өттү

Бир дагы талапкер 50 пайыздан көп добуш ала албагандыктан, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи туру 15-ноябрда кайра өтөт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0