COVID-19дан каза болгондордун саны боюнча Чехия дүйнөдө алдыга чыкты

© REUTERS / David W CernyЧех армиясынын мүчөлөрү COVID-19 оорусу бар адамдар үчүн керебеттердин арасында
Чех армиясынын мүчөлөрү COVID-19 оорусу бар адамдар үчүн керебеттердин арасында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы сутка ичинде Чехияда коронавируска кабылган 11 428 учур катталган. Жалпы өлкө боюнча учурда 188 492 адам бул илдетке кабылган, анын 7 673ү ооруканада дарыланууда.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Чехия COVID илдетинен каза болгондордун саны боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Европалык оорунун алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (ECDC) маалыматына таянып Чехиянын Саламаттык сактоо министрлиги белгилегенин РИА Новости жазды.

Анда Чехия буга чейин бул көрсөткүч менен биринчи келе жаткан Андоррадан алдыга чыкканы айтылат.

"Чехия жүз миң калктын санына карата COVID  илдетинен каза болгондор боюнча Андоррадан алдыга чыкты. Чехияда бул көрсөткүч 11,02, Андоррада — 7,88ди түзүүдө. Андан ары Бельгия — 6,81, Армения — 6,19 жана Черногория — 6,11 көрсөткүч менен тизмени улантат. Ошол эле учурда акыркы жети күндө каза болгондордун жалпы саны Чехияда 1174 адамды түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Акыркы сутка ичинде Чехияда коронавируска кабылган 11 428 учур катталган. Жалпы өлкө боюнча учурда 188 492 адам бул илдетти жуктуруп, анын 7 673ү ооруканада дарыланууда.

Республикада пандемия маалында 335 102 адам ооруп, 3 251 адам каза болгон.

5-октябрдан тарта Чехияда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат. Жума күнү өлкө парламенти аны 20-ноябрга чейин узартуу чечимин кабыл алган. Өзгөчө кырдаалда мектептер жана жогорку окуу жайлары, коомдук тамактануучу жерлер, маданият мекемелери жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка бардык соода жайлары жабылган.

COVID Казакстанда күчөп, Өзбекстанда мизи кайта баштады. Коңшулардагы абал

Бардык спорттук иш-чаралар токтотулган. Зарылчылык болбосо көчөгө чыгууга, бет капсыз жүрүүгө жана коомдук жайларды спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынган. 28-октябрдан 3-ноябрга чейин өлкө тургундарын атайын себеби жок болсо саат 21:00дөн таңкы 05:00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0