Вена шаарында теракт болгон жердеги полиция кызматкерлери

Венада теракт болгону айтылды. Террорчулардын кол салуусу видеого түшүп калган

199
(жаңыланган 10:22 03.11.2020)
Бийлик болуп өткөн окуяны теракт катары баалоодо. Кырсыктан көчөдө өтүп бара жаткан адамдардын бири ошол жерден көз жумса, жарадар болгон аял ооруканадан үзүлгөн. 15 киши ар кандай жаракат алган.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү кечинде белгисиз адамдардын тобу Австриянын борбор шаарында элге кол салып, көчөдөгүлөрдү аткылашкан. Бул тууралуу РИА Новости кабарлап, кол салуунун видеосун жарыялады.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо көрүнүп тургандай, ак кийимчен киши көчө бойлой чуркап, элди автомат менен аткылап жатат. Андан кийинки видеодо полиция кызматкерлери менен атышуу болуп жатканын көрүүгө болот. Дагы биринде элдин көчөдө качып баратканы тартылган.

Бийлик болуп өткөн окуяны теракт катары баалоодо. Кырсыктан көчөдө өтүп бара жаткан адамдардын бири ошол жерден көз жумса, дагы бир жарадар болгон аял ооруканадан үзүлгөн. 15 киши ар кандай жаракат алган.

"Теракт жасагандардын бири өлтүрүлдү. Калгандары из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ниццадагы трагедия: чиркөөдө мууздалгандар, араб парламентинин чакырыгы

​Кылмышкерлердин ким экендиги, максаты жана канча адам экени азырынча белгисиз. Аларды кармоо операциясы уланып жаткандыктан, бийлик толугураак маалымат берүүдөн баш тарткан. Венанын жашоочуларына үйлөрүндө калуу зарылдыгын эскертишкен. Австриянын канцлери Себастьян Курц операция бир нече саатка созуларын айтып, шаардыктарга эртең менен көчөгө акыркы жаңылыктарды угуп алып, анан чыгууга чакырган.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, белгисиз адамдар кол салган объектилердин бири синагога болгон.

Буга чейин Австриянын айрым ЖМКлары кол салгандардын бирөө белиндеги жардыруучу затка жарылып көз жумганын жазышкан. Бирок бийлик аны тастыктаган эмес. Билдирмеге ылайык, аны полиция атып өлтүргөн. Вена шаарынын мэри Михаэль Людвигдин айтымында, террорчунун белиндеги жардыруучу зат салынган кур муляж болушу мүмкүн. Адистер учурда аны текшерип жатышат.

Терактыдан улам Венадагы мектептерде сабактар токтотулган.

199
Белгилер:
өлүм, ок атуу, террорчу, теракт, Вена, Австрия
Тема боюнча
Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда
1 368 жылга кесилди. Стамбулда 39 адамды өлтүргөн өзбекстандык кишиге өкүм чыкты
Өсүмдүк майы. Архив

ЕАЭБ өсүмдүк майынын зыяндуулугун азайтуу үчүн атайын норма иштеп чыгат

6
(жаңыланган 16:41 01.12.2020)
Техникалык регламент боюнча бизнес өкүлдөрүнөн сунуштар түшүп, эксперттер тарабынан иштелип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. ЕАЭБдин аймагында өндүрүлгөн кошулмасында глицидил эфири бар өсүмдүк майын жана андан жасалган азыктарды жөнгө салуучу документ коомдук талкуу стадиясынан өттү. Бул тууралуу ЕЭКтин Аккредитациялоо жана техникалык жөнгө салуу департаментинин бөлүм башчысы Андрей Полозков Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө билдирди.

Тропикалык майлардын айрым түрлөрүнүн жана анын ичинде пальма майынын кооптуулугу боюнча билдирүүлөр талкууга алынган. Полозковдун айтымында, техникалык регламент боюнча бизнес өкүлдөрүнөн сунуштар түшүп, эксперттер тарабынан иштелип жатат.

Ошондой эле ал бул боюнча макулдашууларга көп убакыт талап кылынарын, андыктан регламент ЕАЭБде 2023-жылдын биринчи жарымында күчүнө кире турганын кошумчалады.

Ал эми ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык департаментинин директору Наталья Жукова Евразиялык экономикалык комиссия 2019-жылы августта тамак-аш азыктарындагы глицидил эфиринин нормага ылайыктуу деңгээлинин чегин аныктаганын билдирди. Бүгүнкү күндө өндүрүшчүлөр бул норманы ыктыярдуу түрдө колдоно алат. Ошондой эле бул нормативдер Евросоюздун талаптарына дагы дал келери кошумчаланды.

"Майдын өзү зыян эмес, аны кайра иштетүүдөгү продукция зыян болушу мүмкүн. Мисалы, эгер өндүрүүдө, ташып келүүдө жана сактоодо нормалар сакталса, пальма майын пайдалуу азык катары карасак болот. Башка өсүмдүк майларында дагы ушул өңүттөгү техникалык процесстер бузулса, кооптуу продукцияга айланып кетет. Негизги фактору — глицидил кычкылтегинин көп кошулушу", — деди Жукова.

Техникалык регламент ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү менен макулдашылып жана кабыл алынган соң аны көзөмөлдөө өлкөлөрдүн тиешелүү органдарына берилет. Аны сактабагандарга ар бир өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралмакчы.

6
Белгилер:
техникалык регламент, норма, Евразиялык экономикалык биримдик, Өсүмдүк майы
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Россияда бекер дарыланат. ЕАЭБ ичинде мигранттарга каралган жеңилдиктер
Россиянын аскер техникасы. Архивдик сүрөт

Алдыга арыш жасаган Россиянын аскер техникасы: 2020-жылдын жыйынтыгы

33
(жаңыланган 15:24 01.12.2020)
Россиянын коргоо-өнөр жай комплекси жана РФтин Коргоо министрлигинин кайра куралдануу программасы узап бараткан экономикалык жактан олку-солку, глобалдуу кооптуулугу күч болгон жылда туруктуулугун көрсөттү.

Коронавирус пандемиясы шарттаган быйылкы экономикалык каатчылык Россиянын куралданууну өнүктүрүү мамлекеттик программасына (ГПВ) жана курал-жарактын дүйнөлүк рыногундагы РФтин позициясына эч кандай доо кетире алган жок. Россиялык күчтөргө курал-жарак жеткирүү 11 пайызга жогорулады. Ал эми чет өлкөгө 10 миллиард доллардык аскер продукциясын жөнөтүп, буюртма портфелин 50 миллиард доллар чегинде кармап туруу мүмкүн болду. Мындан тышкары, 9 миллиард долларга жаңы келишимдер түзүлгөн.

Курал жарышынан оолак болуп эле армия менен флоттун жабдуусун жаңылоого Россия 2019-жылы 1,5 триллион рублден ашуун каражат сарптады, мунун 70 пайызы заманбап техника алууга жумшалган. Бир жыл ичинде Куралдуу күчтөр жаңы курал-жарактын 2 300 бирдигине ээ болду.

Россия флоту 35 субмарина, кораблдер менен толукталды, алты ракеталык корабль Балтика флотуна берилди. Мындан тышкары, "Триумф" С-400 ракета системасынан төртөө, "Панцирь" деп аталган зениттик ракета-замбирек комплектисинен алтоо кошулду.

ГПВ-2020ны аткарууда армия менен флотто заманбап курал-жарактын деңгээли 70 пайызга, стратегиялык өзөктүк күчтөрдө 83, Аба-космостук күчтөрдө 75 пайызга жетип жатты. Жалпысынан 2011-2020-жылдарга түзүлгөн мамлекеттик программа биринчи жолу толугу менен ишке ашкан, Куралдуу күчтөрдү башынан аягына чейин камсыздаган иш-чара болуп калды. Аракеттер уланууда, жаңырган жылы армия аскердик техниканын 3 400 бирдигине ээ болот, 2022-жылга карата камсыздалуунун деңгээли 71 пайыздан ашары болжолдонууда.

Көйгөйлөр

Россияга каршы жарыяланган санкциялар жана Батыштагы "өнөктөштөрдүн" акылга сыйгыс атаандаштыгына кошулуп пандемия да курал-жарак экспортуна тоскоол болду. Ковидге байланыштуу дүйнөлүк соода 2020-жылы 10 пайызга төмөндөгөнү маалым, анткен менен Россия бул багытта лидерлигин сактап калды. Ушу тапта орус куралы дүйнөлүк рыноктун үчтөн бирин ээлейт (АКШдан кийинки экинчи орунда).

Аскердик-техникалык кызматташуусу тууралуу маалымат көп ачыкка чыкпаса да Россия менен Түркия ЗРС С-400 боюнча экинчи келишимге кол койгону белгилүү. Египет 500 Т-90МС танкасына буюртма берди, Ми-38Т тик учактарына да заказ түшкөнү маалым. Индия Россиянын Миг-29 жана Су-30 истребителдери үчүн 2 миллиард доллар коротууга даяр турат. Ушу тапта бешинчи муундагы Су-57Э истребителдеринин, Ми-28НЭ жана Ка-52К тик учактарынын экспорттук потенциалы жогору. Суроо-талап "Антей-4000" деп аталган С-300В4 зениттик-ракеталык комплекстерге, "Армата" сооттолгон машиналарына да андан кем эмес. Россиянын курал экспортунун 45 пайызга жакыны — авиация. Ал эми истребителдердин дүйнөлүк экспорту 2020-2023-жылдар аралыгында 110,7 миллиард, аскердик тик учактардыкы 65,3 миллиард доллар болот деп боолголонууда.

Жогорку технологиялар

Узап бараткан жылы орус куралы саны жагынан да, сапаты жагынан да алдыга арыш жасады. Сөз ырааты менен кетсин.

Заманбап, универсалдуу деп эсептелген чалгындоочу жана сокку уруучу "Аллигатор" аталышындагы Ка-52 тик учагы Сириядагы кандуу кагылышууда сыналып, 2,8 тонна жүк алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бүгүн 100 чакырымга жетчү "канаттуу" ракеталарды алып жүрө алары текшерилип жатат. Азыркы тапта Россиянын аскерий-космостук күчтөрүнүн мындай 140 машинасы бар.

"Панцирь" комплекси 2020-жылы биринчи жолу аскердик кораблге чыкты. Абадагы мүмкүнчүлүктөр тез алмашып жаткандыктан каршылаштын арзан учкучсуз аппараттарына С-300 же С-400 сыяктуу баасы жогору ракеталарды пайдалануу максатка ылайык келбей калды. "Панцирдин" 20 чакырым аралыктан тарта бардык бутаны жок кылууга дарамети жетет.

Россиянын Аба-космостук күчтөрү "Витязь" деп аталган жаңы зениттик-ракеталык системаны Ленинград облусунда пайдалана баштады. Бул курал Батыш стратегиялык багытта ПВОну бекемдөөгө чоң өбөлгө болору айтылып келет. Дивизионго 12 түзүлүш орнотулган, ар биринде 12ден ракета бар. 120 чакырым аралыктагы жана 30 чакырым бийиктиктеги аба бутасын жок кылууга даяр 1 728 ракета турат. Сыноолор 553 чакырым аралыктагы бутаны жок кылган "Прометей" аталышындагы С-500 ракета системасы менен аяктады. Кара деңиз багыты боюнча С-500 системасы Крымдан Бухарест, Анкара же Киевге чейинки истребителдерди жана стратегиялык бомбардировщиктерди жок кыла алат.

Россиянын Аскер-деңиз күчтөрү быйыл 28 жылдан бери биринчи жолу суу алдынан жүрүүчү алты кайыкка ээ болду. Анын төртөө 955А жана 885М долбоорундагы өзөктүк болсо, экөө 636,3 жана 677 долбоорундагы дизель-электрондук кайыктар. Төртүнчү муундагы суу алдында жүрүүчү стратегиялык 10 крейсер Россиянын өзөктүк триадасынын негизи болуп, радиусу 8000 чакырымга жеткен 160 "Булава" ракетасын алып жүрүүгө жөндөмдүү экени айтылды. Россия Дүйнөлүк океандын бардык жеринен өлкө кызыкчылыгын коргой алчу суу алдындагы флотун кынаптап келе жатат.

Бүгүнкү күндө бешинчи муундагы Су-57 истребителдери чыгарылууда. Жаңы авиатехника абада да, жерде да 400 чакырымга чейинки бутаны аныктап, 62 объектини коштоп жүрө алат.

Планетанын эки уюлунда тең жүрө ала турган континенттер аралык баллистикалык "Сармат" ракетасы сыноодон өтүп бүттү. Айырмачылыгы — өзөктүк эмес курал катары Ю-71 тибиндеги гиперүндүү блоктор менен чогуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү. Атмосферадагы 15 Мах ылдамдыгы менен жүргөн блоктун кинетикалык энергиясы бутаны өзөктүк соккудай эле кыйрата алат, бирок радиоактивдүү таасири болбойт.

Суунун тереңинде жүрүүчү "Посейдон" аппаратын сыноо анын артыкчылыгы менен бирге учкучсуз эле чексиз аралыкка чейин жүрө аларын көрсөттү. Бул стратегиялык аппарат 1000 метрлик тереңдикте 10 миң чакырымга чейин жүрө алат. 24 метрлик аппарат кадимки же мегатонналык термоядролук ок-дары жүктөп, суу алдында жүрүүчү стратегиялык кайыктардын базаларын, каршылаштын жээктеги инфраструктурасын кыйратууга жөндөмдүү.

Россия ушу тапта гиперүндүү "Циркон" ракетасын да сыноодон ийгиликтүү өткөрүп алды. Бир да өлкөдө мунун аналогу жок. Октябрда Ак деңизде "Адмирал флота Советского Союза Горшков" фрегатынын бортунан түшүрүлгөн "Циркон" 4,5 мүнөттө 450 чакырым аралыкта жайгашкан Баренцово деңизиндеги бутаны жок кылып, РФтин арктикалык жана Түндүк деңиз багытындагы күч-кубаты өз деңгээлинде экенин тастыктады. Мында ылдамдыгы 8 Махтан жогорулап, 28 чакырымга чейин көтөрүлдү.

Россиянын Коргоо министрлигинде Куралдуу күчтөргө минадан зыянсыздандыруучу "Уран-6" роботторун жеткирүү чечими кабыл алынган. Көп функционалдуу комплекс мина коюлган жерлерден кыйгап өтүүчү жол ачып, аймакты минадан арылта алат (буга чейин Сирияда сыналган).

33
Белгилер:
Түркия, Египет, Индия, АКШ, Россия, кайык, танк, тик учак, истребитель, ракета, комплекс, курал-жарак, техника
Тема боюнча
АКШны тынч уктатпаган Су-57 неге мынча бүйүр кызытат?
Суу алып аткан аял. Архивдик сүрөт

Баткенде жоголгон аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатат. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:44 01.12.2020)
Кожонова сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Ал 23-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова коңшулаш Өзбекстан жана Тажикстандан да изделип жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Без вести пропавшая 45-летняя Мактым Кожонова, которая пропала в Баткене 23 ноября 2020 года
© Фото / предоставлено пресс-службой полпредства правительства в Баткенской области
Жоголуп кеткен Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын 45 жаштагы тургуну Мактым Кожонова

Анын айтымында, Кожонова сегиз күндөн бери дайынсыз болууда. Ал 23-ноябрь күнү кечки саат 20:30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Жакындары издеп таба албай, милицияга кайрылышкан.

Факты Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге "Дайынсыз жоголуу" беренеси менен катталып, ыкчам издөө иштери жүрүп жатат.

Аялды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 16 куткаруучусу, 15 милиционер жана жергиликтүү тургундар издеп жатышат. Бирок издөө иштери натыйжа бере элек.

Бүгүн, 1-декабрь күнү, аялдын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жаныбек Жалаловго издөө иштерин көзөмөлгө алууну өтүнүп, кайрылышкан. Жалалов аларга укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын жана коңшулаш Тажикстан менен Өзбекстан республикаларында да издөө салынганын белгилеген.

Мактым Кожонова алты баланын энеси.

0
Белгилер:
милиция, издөө, жоголуу, Баткен
Тема боюнча
Инспекторлор шектүү унааны кууп, айдоочусун асманга ок чыгарып кармады