COVID-19ду лифтиден жугузуп алуу мүмкүнбү. Адистин жообу

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЩербинский лифтовый завод
Щербинский лифтовый завод - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирусологдун айтымында, эгер ооруп жаткан киши жөтөлсө, анда лифтинин ичине вирус толуп калган деп эсептей берсе болот.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. COVID-19га кабылган киши түшүп кеткен лифтиден вирусту жуктуруп алуу оңой. Бул тууралуу "Роспотребнадзор" мекемесинин Молекулярдык диагностика жана эпидемиология  борборунун адиси Михаил Лебедев РИА Новости агенттигине билдирди. 

"Лифт тар жана желдетилбеген жай болгондуктан оорулуу адам түшүп кеткенден кийин вирусту жугузуп алуу өтө оңой. Эгер ооруп жаткан киши жөтөлсө, анда лифтинин ичинде вирус толуп калды дей бергиле”, — деди Лебедев.

Балбак Түлөбаев: Бишкекте COVID ноябрь айынын ортосунда жогорку чегине жетет

Андыктан адистер коомдук транспорт, дүкөн, лифт, дарыкана сыяктуу жайларда ар дайым бет кап тагынып жүрүүнү сунуштайт.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзүндө коронавирус жугузган адамдардын саны 47 миллионго чукулдады. Анын ичинен 1,2 миллион киши көз жумду.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0