АКШга кандай президенттин келгени Россияга пайдалуу?

© REUTERS / POOLАКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп жана президенттикке талапкер Джо Байден
АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп жана президенттикке талапкер Джо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошмо Штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы менен Россиянын эмне иши бар? 3-ноябрда ким утуп чыкса деле РФ менен АКШнын ортосундагы мамиле түп-тамырынан өзгөрүп кетпейт эмеспи.

Трамп утуп чыкса да, жеңилсе да баары бир АКШдагы башаламандык күчөй берет. Андыктан Россияга АКШнын келерки төрт жылга кимдин президент болорунун айырмасы кандай?

Россия Федерациясынын бул белгилүү көз карашы түпкүлүгүндө натуура. Кошмо Штаттар системалуу каатчылыктын баскычына кирди, анан калса, бул – улуттук мамлекет катары да ички каатчылыгы, ошол убакта эле алардын тегерегинде курулган дүйнө түзүмү, ааламдашуунун атлантикалык моделиндеги каатчылык болуп саналат. АКШдагы шайлоого саналуу сааттар калганда эки өлкөнүн мамилесине анын жыйынтыгы кандай таасир этерине Петр Акопов сереп салган.

Ушундай процесстердин мөөнөтү жана күч алуу ылдамдыгын болжош мүмкүн эмес, бирок алар бири-бирин шыкактап турары шексиз. Ошондуктан Россиянын АКШнын өзүндөгү абалга кайдыгер карап койгону болбойт. Себеби дүйнөлүк аренадагы бул державанын жүрүм-туруму дал ушуга жараша эмеспи.

Башаламандыктан баш көтөрө албаса АКШнын тышкы активдүүлүккө күчү да, мүмкүнчүлүгү да калбайт деп коюшка болбойт. XIX кылымдагы жарандык согуштан кийин тирденип, күчтөнүп, жарым кылым өтпөй дүйнөгө үстөмдүк кылуу нугуна түшкөн.

Байдендин утулушуна орустарды айыптай алышпайт. Ой толгоо

Азыр, албетте, жагдай башка. Бирок АКШдагы азыркы таптагы ички көйгөйлөр дагы ырбагандан ырбай берсе да, мындай абал аталган державанын геосаясий бийиктиктен бачым эле кетерин туюндурбайт. Америка чегине берет, бирок РФке бул кадам уюшкандыкта, терең ойлонулган мүнөздө болгону оң. Анткени мындай учурда "бүгүн Вашингтон жеңилүүдө, ал эми эртең контрчабуулга өтүп, кокустан өзөктүк согушту тутантып жибербесин" деген кооптонуулар алкагындагы башаламан, акылга сыйбаган аракеттер азыраак болот. Россияга, албетте, Кошмо Штаттар өзү менен өзү алек болгону дурус. Бирок Трамптын душмандары элдин баарын коркутуп жаткан дал ошол башаламандык ал киши утулуп калганда башталат. Кептин баары ушунда.

Азыркы президентти утулду деп жарыялашса, кайра шайланып келгенине караганда ажырым дагы олуттуу түргө өтөт. Себеби анын колдоочулары Байдендин таза жеңишине ынана койбойт. Америкада эки ажырым турат, бирок Трамптын анык тарапташтары арбын болсо, Байденде андай күйөрман жок. Ага Трампты кыртышы сүйбөгөндөр, тагыраак, төрт жыл бою "жеткен гомофоб, сексист жана фашист" деп медиа жана америкалык элита төрт жыл бою коркутуп келген аудитория добуш берет. Ошол себептен Трамп утулуп калса, АКШдагы ички жаңжалдын тобокели чоң. Ошону менен бирге эле Байдендин администрациясынын тышкы саясаты Россияга пайдасыз болору турулуу иш.

Байден жаңы согуштарды тутантпайт, жаңы санкцияларды киргизбейт. Кеп анын шайланышына тоскоол болууга Россияны айыптаганында да эмес.

Ал мурдагы америкалык саясатка кайтат. Муну Америка элдерди тескеп, глобалдык атлантикалык долбоорду курууну улантуусун элитанын глобалисттик маанайдагы бөлүгү каалап турат:

Бул – Американын (улуттук мамлекет катары да, "атлантикалык дүйнө түзүмүнүн" баштапкы чекити катары да) өзүнө кооптуу жол. Бирок Байден, башкача айтканда, америкалык истеблишмент ага өлкөнү, аны менен бирге тек бир күчтүү державанын тегерегинде курулган түзүмдөн эбак чыгып кеткен (кай бирлери ачык эле, кээси тымызын)  дүйнөнү түгөл кайтаргысы бар. Байденге бул багытты өзгөртүү оңой-олтоң болбойт. Анын үстүнө администрациясы негизинен оор ички саясий көйгөйлөрдөн баш көтөрө албайт. Бирок реваншка жеткен демократтардын маанайы дал ушундай болору анык.

Трамп: президенттик шайлоодо бир эле себеп менен утулуп калышым мүмкүн

Ошондон улам Трамптын кайра шайланышы дүйнөгө пайдалуураак. Трамптын жеңиши АКШдагы узакка созулган жана терең каатчылыкка алып келген күндө да Америка чабалдап, өзү менен өзү алектенип, планета баары бөлүштүрүлгөн жаңы тутумду, жаңы күчтөрдүн постамерикалык тең салмактуулугун түзүүгө бет алат.

АКШ толук кулап, өзөктүк державаны башкаруу тутумунда коллапс жаралып калса, кырдаал мына ошондо өтө кооптуу, бирок андай сценарий жакын арада таптакыр мүмкүн эмес. Трамп утуп келсе, чабуулдардын мизин кайтарып, бийлигин сактап кала алат. Анын экинчи президенттик мөөнөтү биринчисине караганда кыйла "трамптык" болот.

Конгрессти көзөмөлдөй албаса да ар кыл өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерде, жалпы эл аралык аренада ал өз алдынча саясат жүргүзөт. Мурдагыдай эле басым кылып, кызыл чеке болуп соодалашып, ченди көтөрө берет, бирок келишимге жөндөмдүү боло түшөт.

Башкысы, Трамптын кайра шайланышы "2016-жыл тек гана кокустук, кайра артка кайтуу жеңил эле" деген ойдогу атлантисттердин үмүтүн таш каптырат. Ошону менен бирге эле дүйнө жүзүндөгү америкалык союздаш жана сателлиттердин маанайын өзгөртүп коет. Америка эми эч качан мурдагыдай болбойт, демек, жеке ал менен да, жалпы эл аралык аренада да мамилелердин жаңы тутумун түзүү абзел.

Жаңылыктар түрмөгү
0