АКШда президенттик шайлоо жүрүп жатат. Атаандаштык курч мүнөздө өтүүдө

© AP Photo / Wong Maye-EАКШда президенттик шайлоо
АКШда президенттик шайлоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бир катар маанилүү делген штаттарда бюллетендердин жарымы саналгандыгы тууралуу маалымат айтылды.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бул сааттарда АКШда президенттик шайлоо жүрүп, талапкерлер - азыркы мамлекет башчы Дональд Трамп менен Джо Байдендин ортосундагы айыгышкан добуш талаш жүрүүдө. Бир катар штаттарда Байден артыкчылык кылса, бир катар штаттарда Трамп озуп кетүүдө.

АКШдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын бул жерден көрө аласыздар.

РИА Новости бюллетендердин алдын ала саналган көрсөткүчү боюнча учкай маалымат берди.

Бюллетендердин жарымы саналган маанилүү делген штаттардагы көрсөткүч төмөнкүдөй:

  • Техас (38) - Трамп 50,4 пайыз, Байден 48,3 пайыз  (саналганы 67 пайыз);
  • Флорида (29) - Трамп 51,3 пайыз, Байден 47,8 пайыз (саналганы 91 пайыз);
  • Жорджия (16) - Трамп 56,2 пайыз, Байден 42,6 пайыз (саналганы 51 пайыз);
  • Түштүк Каролина (15) - Трамп 49,3 пайыз, Байден 49,5 пайыз  (саналганы 87 пайыз);
  • Огайо (18) - Трамп 50,5 пайыз, Байден 48,1 пайыз (саналган 74 пайыз).

Бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен америкалыктар эгер азыркы мамлекет башчы Дональд Трамп кайрадан шайланып калбаса, 46-президентин тандашат. Финалдык жарышта эки талапкер калган. Республикачылардын атынан азыркы президент Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан мурдагы вице-президент жана сенатор Жо Байден. 

АКШга кандай президенттин келгени Россияга пайдалуу?

Республикачылардын негизги максаты салыкты азайтуу жана мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу. Ал эми демократтар АКШлык аскерлер терроризм менен күрөштөгү ролун сактап калышын, ошол эле учурда ар бир АКШлык жоокер тез арада үйүнө кайтып келишин көздөйт.
Мыйзам боюнча, АКШга президент боло турган адам жашы 35тен жогору Американын жараны болушу керек. Ошондой эле ал өлкө аймагында бери дегенде 15 жыл жашашы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0