Нью-Йоркто нааразычылыкка чыккандар Трамптын кетишин талап кылууда

© REUTERS / BRENDAN MCDERMIDНью-Йорктто нааразычылык акциясында АКШ президенти Дональд Трамп каршы кишилер
Нью-Йорктто нааразычылык акциясында АКШ президенти Дональд Трамп каршы кишилер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча Нью-Йоркто абал тынч деп бааланууда. Кайгуул полициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп, имараттардын айланасына темир тосмо коюлду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Нью-Йорктун чок ортосунда нааразычылыкка чыккандар АКШ президенти Дональд Трамп менен вице-президент Майк Пенсанын кызматтан кетишип талап кылууда. Демонстранттарга полиция тик учак менен байкоо салып жатканын РИА Новостинин кабарчысы жеринен кабарлады.

Митингге чыккан ондогон адам мамлекет башчы менен орун басарын жетекчи катары тааныбай турганын айтышууда. Ошондой эле Трамп шайлоодо добуш сатып алып жатканын билдиришкен.

Жалпысынан Нью-Йоркто абал тынч. Кайгуул милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп, имараттарга темир тосмо коюлду.

АКШдагы шайлоо: митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик-терезесин бекитүүдө

Ушул тапта АКШда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен америкалыктар эгер азыркы мамлекет башчы Дональд Трамп кайрадан шайланып калбаса, 46-президентин тандашат. Финалдык жарышта эки талапкер калган. Республикачылардын атынан азыркы президент Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан мурдагы вице-президент жана сенатор Жо Байден.

Республикачылардын негизги максаты - салыкты азайтуу жана мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу. Ал эми демократтар АКШлык аскерлер терроризм менен күрөштөгү ролун сактап калышын, ошол эле учурда ар бир АКШлык жоокер тез арада үйүнө кайтып келишин көздөйт.

Мыйзам боюнча, АКШга президент боло турган адам жашы 35тен жогору Американын жараны болушу керек. Ошондой эле ал өлкө аймагында бери дегенде 15 жыл жашашы зарыл.

АКШдагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгын бул жерден көрө аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0