АКШдагы шайлоо: тараза ташы кимге оой турганы али белгисиз

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIДональд Трамп жана Жо Байден
Дональд Трамп жана Жо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШлыктар учурда 46-президентин тандап жатышат. Шайлоо участоктору жабылган аймактардын жыйынтыгы боюнча эки талапкер бирдей добушка ээ болуп келе жатат.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. АКШдагы президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы боюнча дагы деле фаворит аныктала элек. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматтарга караганда, президент-республикачы Дональд Трамп тандоочулардын жеңиш алып келе турган 270 добушунун 109ун алса, демократ Жо Байден 129уна ээ болду.

Тандоочулар деген кимдер? АКШда президентти шайлоо үчүн эки ирет добуш берилет. Биринчиси — жалпы элдик, экинчиси — ар бир штаттын тандоочуларыныкы. Аларды эл кайсы бир партиянын мүчөлөрүнүн, сенаторлордун, атактуу адамдардын арасынан тандашат. Бардыгы болуп АКШда 538 тандоочу бар. Талапкерлердин кимиси тең жарымынан көбүн, тагыраагы, 270 добуш алса тандоочулардын добушу менен жеңди деп эсептелет.

Трамп өтө маанилүү штаттардын бири болуп саналган Флоридада көп добушту алганда, серепчилер анын жеңишине ишене башташкан. Анткени бул жерден учурдагы президент тандоочулардын 29 добушуна ээ болгон.

Бирок маанилүүлүк жагынан Флоридадан ашса ашып, бирок артта калбаган Техаста алгач Байден алдыга чыккан. Ал жерде 38 тандоочу Байденди колдоп берди.

"Эгер Трамп Техасты "жоготуп алса", анда жеңиштен кол жууду дей бергиле. Бирок ал жакта добуштардын жарымы гана саналып бүткөндүктөн, баары алдыда", — деди Вашингтондогу Америка институтунун профессору Питер Кузник.

АКШдагы шайлоо: митингден корккон ишкерлер дүкөндөрдүн эшик-терезесин бекитүүдө

Айта кетсек, АКШда президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы жакын арада белгилүү болбойт. Анткени бул ирет айрым АКШлыктар коронавирус инфекциясынан улам почта аркылуу добуш беришти. Эми аларды чогултуп санап бүткүчө бир топ убакыт талап кылынары айтылды.

Бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен америкалыктар эгер азыркы мамлекет башчы Дональд Трамп кайрадан шайланып калбаса, 46-президентин тандашат. Финалдык жарышта эки талапкер калган. Республикачылардын атынан азыркы президент Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан мурдагы вице-президент жана сенатор Жо Байден.

Республикачылардын негизги максаты — салыкты азайтуу жана мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын кыскартуу. Ал эми демократтар АКШлык аскерлер терроризм менен күрөштөгү ролун сактап калышын, ошол эле учурда ар бир АКШлык жоокер тез арада үйүнө кайтып келишин көздөйт.

Мыйзам боюнча, АКШга президент боло турган адам жашы 35тен жогору Американын жараны болушу керек. Ошондой эле ал өлкө аймагында бери дегенде 15 жыл жашашы зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0