Байден президенттикке даярданып "өткөөл мезгилдин сайтын" ишке киргизди

© AFP / ANGELA WEISSДемократтар партиясынын талапкери Жо Байден
Демократтар партиясынын талапкери Жо Байден - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече штатта добуш берүүнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. Шаршембиге караган түнү Трамп жеңишке жетерине аз калганын жар салып, демократтарды "шайлоону сатып алууга аракет кылды" деп айыптаган.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Демократтар партиясынын талапкери Жо Байден 270 шайлоочунун добушун ала элек жатып, АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптан бийликти өткөрүп алууга багытталган "өткөөл мезгилдин сайтын" ишке киргизди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Аталган сайтта бир маалымат жана Байдендин сүрөтү жарыяланган.

"АКШнын кийинки президенти ким болорун Американын эли чечет. Айрым штаттарда добуштар дагы эле саналып жатат. Өлкө пандемия, экономикалык төмөндөө, климаттын өзгөрүшү, расалык акыйкатсыздык сыяктуу олуттуу кризиске кептелди. Өткөөл мезгилдин командасы Байден Харристин администрациясы биринчи күнү жумушту баштоо үчүн даярдыкты уланта берет", —деп жазылган сайтта.

Буга чейин CNN телеканалы АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын 150гө чукул администрация кызматкери шайлоодо жеңишке жетип калса деп Жо Байденге бийликти өткөрүп берүүгө даярдык көрүп жатканын маалымдаган.

АКШга кандай президенттин келгени Россияга пайдалуу?

Бир нече штатта добуш берүүнүн жыйынтыгы азырынча чыга элек. Шаршембиге караган түнү Трамп жеңишке жетерине жакындап калганын жар салып, демократтарды "шайлоону сатып алууга аракет кылды" деп айыптаган. Азыркы мамлекет башчынын штабы добуштарды кайра саноону талап кылуу ниети бар. Ал эми Американын алдыңкы телеканалдарынын эсеби боюнча, Байден алдыда.

Эске салсак, АКШда 3-ноябрь күнү президенттик шайлоо болду. Бул жолку шайлоонун жыйынтыгы менен америкалыктар эгер азыркы мамлекет башчы Трамп кайрадан шайланып калбаса, 46-президентин тандашат. Финалдык жарышта эки талапкер калган. Республикачылардын атынан азыркы президент Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан мурдагы вице-президент жана сенатор Жо Байден.

Жаңылыктар түрмөгү
0