108 жыл мурда сууга чөгүп кеткен Титаник кемеси. Архив

Үч миң метр тереңдикте жаткан "Титаникти" элге көрсөтүп туруу пландалууда

293
(жаңыланган 15:35 05.11.2020)
Жыл сайын май айынан сентябрга чейин деңиз кемесин көрүүгө болот. Суу алдында жүрө турчу кайык беш кишини гана батыра алат. Билет баасы 125 миң доллар турат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. 108 жыл мурда сууга чөгүп кеткен "Титаник" кемесине туристтик экспедициялар 2021-жылдын май айынан тарта башталат. Бул тууралуу "Известия" жазды.

OceanGate Expeditions директору Стоктон Раштын айтымында, жыл сайын майдан сентябрга чейин жумасына бир жол деңиз кемесин көрсөтө алат. Ал үчүн беш кишиге ылайыкталган суу алдында жүрө турчу кайык колдонулат. Эл эмитеден эле кезекти ээлеп алышкан. Тагыраагы, майдан июнга чейин орун жок. Билет баасы 125 миң доллар турат.

"Титаниктин" жүргүнчүсү жазган кат аукционго коюлду

Саякатчылар сууга түшүүчү жерге баруу үчүн Канаданын Ньюфаундленд аралына келиши керек. Экспедициянын суу алдындагы бөлүгү алты сааттан сегиз саатка чейин, анын ичине тереңдикке жетүү, тагдыры трагедиялуу болгон тарыхый объектини көрүү жана жердин үстүнө чыгуу кирет. Ар бир турга беш адам катышат, алар — суу астындагы кеменин капитаны, изилдөөчү-илимпоз жана үч турист.

White Star Line компаниясынын лайнери "Титаник" 1912-жылдын 10-апрелинде биринчи сапарына чыккан. 15-апрелге караган түнү кеме Түндүк Атлантикадагы айсберг менен кагылышып, чөгүп кеткен. Кырсыктан бери дегенде 1496 адам көз жумган. 712 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү аман калууга үлгүргөн. Кеме азыр 3 миң метр тереңдикте жатат.

293
Белгилер:
экскурсия, турист, "Титаник"
Тема боюнча
Кыйрап жаткан "Титаник". Атлантиканын түбүнөн жүрөк үшүткөн видео тартылды
COVID-19 вакцинасынын изилдөө иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстан ЕККУдан вакцина сатып алууга көмөктөшүүнү өтүндү

11
(жаңыланган 14:06 05.12.2020)
Вакцина баары үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Ошону менен бирге эле айрым мамлекеттердин да препаратты ыксыз көп сатып алуусуна жол бербөө керек.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Тышкы иштер министри ЕККУну өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавируска каршы вакцина сатып алууга жардам берүүгө чакырды.

ТИМдин маалыматы боюнча, Казакбаев 3-4-декабрь күндөрү ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин 27-жыйынына катышкан.

"Министр өз сөзүндө COVID-19га каршы вакцинанын жалпыга жеткиликтүү болушун камсыздоо маселеси курч экенин белгиледи. Мындан тышкары, препаратты элинин саны аз өлкөлөрдүн ыксыз көп сатып алуусуна да жол берилбеши керектигине токтолгон. Мындан улам ЕККУдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вакцинаны сатып алууга жардам берүүнү өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, ооруга каршы бир катар вакцина иштелип чыккан, анын үчөө Россияга таандык. Жакында эле РФ президенти Владимир Путин үч вакцинаны тең ЖККУ өлкөлөрүнө жеткирүү маселеси жана биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген.

11
Белгилер:
коронавирус, Россия, ЕККУ, вакцина, Руслан Казакбаев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстан референдум өткөрүүгө БУУдан техникалык жардам сурады
COVID-19 каршы вакцинация өткөрүү. Архивдик сүрөт

Москвада адамдарды коронавируска каршы эмдөө башталды

21
(жаңыланган 13:32 05.12.2020)
Азырынча эмдөөдөн саламаттык сактоо тармагында жана шаардык социалдык кызматтарда иштегендер өтө алат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Москвада чоңдордун бейтапканасында коронавируска каршы вакцинациялоо кабинети иштей баштады. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

Учурда 70 кабинет элди кабыл алып жатат, жыл соңуна чейин дагы 100 бөлмө ачылары айтылат. Медиктер жарандарды эртең мененки саат 8:00дөн 20:00гө чейин кабыл алат.

Азырынча эмдөөдөн тобокелчилик тобундагы адамдар — билим берүү, саламаттык сактоо тармагында жана шаардык социалдык кызматтарда иштегендер өтө алат.  Ал үчүн mos.ru сайты аркылуу алдын ала (эки жума мурун) кезекке жазылуу керек.

18ден 60 жашка чейинки курактагы, өнөкөт оорулары жок, мурда коронавирустун вакцинасын клиникалык изилдөөгө катышпаган, соңку 30 күндүн аралыгында эмделбеген, курч респиратордук оорулар менен оорубаган москвалыктар вакцина ала алат. Ал эми кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга колдонууга болбойт.

Алар Гамалея борборунда иштелип чыккан "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн өтүшөт. Препараттын негизги артыкчылыгы коопсуз, майнаптуу жана узакка созулган терс кесепети жок ыкмаларсыз жасалгандыгында экендигин айтышкан.

Россияда азыркы тапта "Спутник V" препараты эки миллиондон ашуун дозада чыгарылган. Эмдөө кеңейтилип отуруп Москванын бардык тургундарына жасалат.

Вице-премьер Татьяна Голикова кийинки жуманын аягында Россиянын бардык региондорунда вакцинация башталарын билдирген.

21
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус G20 саммитин бузду. Батыш башканын вакцинасын батырбайт
Сурабалдиева: Россиядан COVID-19га каршы вакцинаны алып келүү графиги даяр
Адис COVID-19га каршы вакцина организмди канчалык коргой аларын айтты
Вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева. Архивдик сүрөт

Туура эмес дарылаганбы? Сурабалдиева Жалал-Абаддагы 8 кишинин өлүмүн текшертет

0
(жаңыланган 14:35 05.12.2020)
Илдетке кабылган тогуз бейтапты жеке менчик клиникадан мамлекеттик аймактык ооруканага которушканы айтылат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда мамлекеттик аймактык ооруканага коронавирус илдети менен жаткырылган тогуз адамдын сегизинин өлүмү текшерилет. Бул тууралуу вице-премьер, Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева Twitter баракчасына жазды. 

​Анын айтымында, бейтаптар протоколдо жазылган эреже менен дарыланган эмес.

"Коронавируска кабылган бейтаптар оорунун алгачкы стадиясында протоколду карабай эле уккан-билген антибиотик, гормоналдык дарыларды иче берет. Жалал-Абадда жеке менчик клиникадан тогуз бейтапты мамлекеттик аймактык ооруканага которушкан. Анын ичинен сегизи каза болгон. Штабда муну териштирүүгө прокуратурага тапшырма берилди. Бул чоң жаңжал", — деди Сурабалдиева.

Ошондой эле оорунун алгачкы стадиясында эле антибиотиктерди бере бербей, организмге COVID-19 менен күрөшүүгө убакыт керектигин билдирди.

0
Белгилер:
Эльвира Сурабалдиева, өлүм, Жалал-Абад облусу, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сурабалдиева Тез жардам станциясынын жабдылбай калышын кызматтагы жубайлардан көрүүдө
Сурабалдиева: бейтаптарга жайында курамы текшерилбеген кытай дарылары берилген
Сурабалдиева министрликтин гумжардам боюнча отчёту чийки экенин айтты